Домой Коом Орусияда тапанча менен банкты тоноого аракет кылган Кыргыз жараны кармалды

Орусияда тапанча менен банкты тоноого аракет кылган Кыргыз жараны кармалды

182
Robber with a gun in a mask

Орусиянын Москва шаарында тапанча менен банкты тоноого аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 22-декабрда Москвадагы «Заубер» банкына 29 жаштагы белгисиз жаран кирип, акча талап кылган. Ал бир нече жолу ок чыгарып, бирок эч нерсе ала албай изин жашыруу максатында качып кеткен.

Полиция кызматкерлери шектүү жаранды кармап, ал колго түшүрүү учурунда да каршылык көрсөткөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү териштүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылат маалыматта.