Домой Дүйнөдө Орусияда шахта жарылып бир нече адам каза тапты

Орусияда шахта жарылып бир нече адам каза тапты

5

Кузбасстагы «Листвяжная» шахтасында 46 шахтер жана алты куткаруучу каза болду. Бул тууралуу журналисттерге Кемерово тоо-куткаруу отрядынын командири Юрий Ше билдирди. 

«Шахтадагы жарылуудан 46 кызматкер каза болду. Кечинде алты шахта куткаруучусу да аларга жардам бергени барып, көз жумушту» — деди Юрий Ше. Облус губернатору Сергей Цивилевдин айтымында, жарылуу коркунучун азайтуу үчүн шахталарды метан менен толтуруу керек. Анын айтымында, бул иш үч күнгө созулат.

Буга чейин 9 адамдын көз жумганы, 49 адамдын шахтада калганы айтылган эле. Маалыматка караганда, кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:51де катталган.