Домой Ден-соолук Орозо кармоодо дарыгердин кеӊеши

Орозо кармоодо дарыгердин кеӊеши

178
“Мээримдүү жана Ырайымдуу  Аллахтын аты менен”.

 “Рамазан айы – бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп Ыйык Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбɵ болсо (туш келсе) Орозо тутсун! (Ыйык Куран  2- 185).

Бүткүл дүйнѳ элин катуу стресске кабылткан, баарыбызды үйдѳн чыкпай олтургузуп койгон  Коронавирустан кутулуубуздун бир чоӊ себепчиси болгон Улуу Рамазан айы дагы кирип келди. Бул да болсо Аллахтын бизге болгон бир чоӊ ырайымы. Себеби, баардык дуаларыбыз кабыл болуучу кереметтүү Рамазандын – Орозо айы. Азыркы күндѳрүбүз бизге Орозо кармоого аябагандай ыңгайлуу. Айрыкча быйыл биринчи жолу Орозо кармаган жарандарыбызга эскертип кетсек Орозонун эӊ татаал убактысы биринчи 3-4 күн гана. Бул убакытта баарыбыз үй-бүлѳбүз менен үйдѳ болобуз, кыймыл – аракет жокко эсе, б.а. кѳп энергия сарпталбайт. Тамекини, насвайды, спирт ичимдиктеринен биротоло кутулуп кетүүнүн да эбегейсиз чон мүмкүнчүлүгү болгон кереметүү ай бул Рамазан. Ошондуктан баарыбыз алдыбыздыгы жакшылыктарга ниет кылып Орозо кармоого даярданалы.

Айта кетчү нерсе, Орозо – бул диета сактоо же болбосо арыктоо үчүн медициналык сунуш эмес. Бул Исламдагы 5 парздын бири, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жана Жаратканга жакын болуу үчүн болгон чоӊ ибадат болуп эсептелет. Рамазан айы адам баласын сабырдуу жана мээримдүү кылуу менен бири-бирибизге болгон мамилени да чыӊдайт жана бизди кѳп дартка чалдыктырып жаткан стресстен да айыктырат. Орозо – бул тамак жактан гана чектелүү болуп калбай моралдык, руханий жактан бүтүндөй тазалануу да болуп саналат.

Бүткүл жер жүзүндѳгү мусулмандар бул айдын ыйыктыгын сезип Жаратканга жакын болуусун каалап бул айды Орозо кармоо жана ибадат кылуу менен ѳткѳрүшѳт. Булардын арасында ѳзүнүн оор абалына карабай, кээде биз дарыгерлер тыюу салганыбызга да кулак салбай кѳпчүлүк бейтаптарыбыз дагы  Орозо кармаганга аракет кылышат. Ошондуктан биз дарыгерлер Орозо айында ѳзүбүздүн карамагыбыздагы бейтаптарга камкордугубузду күчѳтүүбүз зарыл.  Ооорулардын кайрылуусунда алардагы ѳнѳкѳт оруулардын (жүрɵк кан тамыр ооруулары, гипертония, андагы криз абалы, кант диабети, кан басымдын кескин тɵмɵндɵп кетүүсү, эсин жоготуу ж.б.) козголушундагы абалдарда тезинен жардам кɵргɵзүүгɵ даяр болуубуз керек.

Оорулуу адамдардын кыйналып Орозо кармоосу ѳздѳрүнүн абалын гана коркунучка салбай, андан тышкары алардын чоӊ күнѳѳгɵ батуусу Ыйык Куранда да, Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) хадистеринде да жана Ислам окумуштуулары жактан да айтылып келген.

“Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо

буюрулду.. .(2:183)“. «Бул айда бирɵɵ ооруп калса же сапарга чыкса, башка күндѳрдѳ санын толуктасын.   Аллах силерге жеӊилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт.(2:185)“. Ибн Умардан айтылат, пайгамбарыбыз  Мухаммад (с.а.в.) айткан: “Чындыгында Мээримдүү Аллах Анын жеңилдиктерин кабыл кылган пендесин сүйѳт, Анын тыюу салган нерселерин жасаган пендесин жек кѳрѳт”. Ислам окумуштуусу Имам аль-Куртуби айткан: “Бейтапта эки абал: биринчиси, ал Орозо кармоого анын ден-соолугунун начарлыгы жол бербейт. Бул убакта албетте бейтап орозосун ачуусу зарыл. Экинчиси: бейтаптын кыйынчылык менен, ɵзүнɵ чоӊ зыян келтирип Орозо кармоосу – бул Аллахтын жеӊилдигине кулак салбоо жана текеберчиликтин гана белгиси болуп саналат. Бул ал үчүн чоӊ күнɵɵ болуп саналат.”

Ошондуктан Орозо кармоого ниет кылган бейтаптарга эскертип кетели. Орозонун алдынан албетте ѳзүңɵрдүн дарыгериңерге кайрылып текшерүүдѳн ѳтүп, керектүү кеңештерди алып жана ичип жаткан дары-дармектерди да тактап, аларды кайсыл убакта, кандай дозада ичүүнү билип  алууңуз сунушталат. Эгерде Орозо кармаган адамдын абалы медициналык жардамга муктаж болсо анда бейтап тезинен орозону токтотуусу зарыл.

Акыркы жылдарда илимдин жана медицинанын эбегейсиз чоң баскычка кɵтɵрүлгѳнүнѳ,  андагы чыгып жаткан миңдеген жаӊы таблеткалардын пайда болуп жатканына күбɵɵ болуудабыз. Бирок, тилеке каршы бир дагы адамдын ѳнѳкѳт ооруусн бүтүндѳй айыгып кеткенине эч кимибиз укпай жатабыз. Статистика боюнча бир гана Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнѳ боюнча  жүрөк кан – тамыр, рак, өпкө, аш-казан оорууларынан миллиондогон  адамдар каза болушуп, миллиондогон адамдар инвалид болуп ишке жарамсыз болуп калууда. Эң ѳкүнүчтүүсү аталгандардын кѳпчүлүгү пенсия жашына жете элек жарандар. Дүйнөлүк кризистин элибизге тийгизген таасири – стресс, жакырчылык, миграция ж.б. ушул сыяктуу факторлор адамдын ден-соолугуна да терс таасирин кѳргѳзүп жатат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) хадистеринде – “Орозо кармагыла – айыгасыңар” деген сөздөрү бизге бүгүнкү күндө альтернативдүү жана акысыз дарылануунун дагы бир зор ыкмасы болуп калышына шексиз ишенемин.

Акыркы убактардагы изилдѳѳлѳргѳ таянсак Рамазан айындагы бир айлык кармалган Орозо оранизмге эбегейсиз чоң пайда келтиргени аныкталууда. Аларга кыскача токтолобуз.

-Организмге тамактардын убактынча жетишсиздиги жана клеткалардагы тамактын азайышы алардын жашоосун узартууга ѳбѳлгѳ түзүп, андагы клеткалардын ичиндеги аутофагия – жараксыз митохондриянын кайра жаңыланышына алып келет, эскирген клеткаларды болсо жаңы клеткалардын пайда болуусундагы курулуш материал катары колдонулат. Бул функция биринчи болуп митохондрияга бай болгон жүрѳктүн клеткаларында катталып адамдын ѳмүрүн узартуугу зор шарт түзѳт.

-Адам баласы тамаксыз калганда 8 сааттан кийин гана кошумча тамака муктаждыгы башталат. Эгерде аш-казанга тамак кирбесе, анда биринчи болуп организм канттын запасы болгон глюкогенди пайдаланат. Анын запасы организмде аз болгондуктан кийинки пайдалануучу заттар: май, жаңы башталып келе жаткан ар түрдүү патологиялык клеткалар (киста, операциядан калган жара, спайкалар, рак, ж.б. ушул сыяктуу илдеттерди) организм энергия катары колдонот. Бул болсо органдарды жашарышына алып келет.

-Орозо убагында белоктук арыктоо (белковые голодание) болбойт. Себеби организм ѳзүндѳгү белокту 3-4 жума ачка жүргѳн убакта гана пайдалана баштайт. Исламдагы Орозонун ѳзгѳчѳлүгү – бул ифтардан сухурга чейин этти жана андан даяр болгон тамактарга эч кандай чектѳѳ жок.

-Рамазан айдын келиши – бул организмдеги процесстердин калыбына келтүрүүнүн убагына туура келет экен. Себеби “биоритм”- толук калыбына келишине тоскоол болгон бир чоӊ фактор – тамак болуп эсептелет. Ошондуктан тамак сиңирүү функциясы убактынча токтогон убакта организм ѳзүн-ѳзү тезирээк толук калыбына келтирип алат. Орозо – орагнизмдеги биоритмди машыктырат, ошону менен иммунитетти көтөрөт, адамды жашартууга да зор өбөлгө түзөт.

-Аш-казанга эртеден кечке чейин тамак кирбеген соң организм тамак сиңирүү функциясын ордуна башка милдетти б.а. денедеги бүткүл жаман илдеттерди чыгаруу, тазалоо функциясын ишке салат. Орозо убактысы 12-14саат – бул тамактын ооздон кирип жоон ичегиге жеткенге чейинки убакыт болуп эсептелеп, ушул убакыттын ичинде аш-казан, ичегилер толугу менен эс алат. Аш-казандагы кислотанын азайышынын натыйжасында андагы жара (язва) оорулурынын пайда болуу ыктымалы да азайат, а бар болгон жаранын тезинен  айыгып кетүүсүнɵ да зор шарт түзүлɵт.

-Орозо убагында боордун тазалоо функциясы он эсеге көбөйүп организмдеги ууларды чыгуусун тездетет. Мындай мүмкүнчүлүккɵ бир дагы укол же таблеткалар ээ болбойт.

-Ороза кармаган 20-35 жаштагы аялдарда кандагы пролактин 80% га азайган! Ошондуктан окумуштуулар төрөгөн аялдарга орозону токтотуусун буюрган. Себеби бул гормон энедеги сүттү иштеп чыгаруу фунциясына ээ. Ал эми боюна бүтпɵй жүргөн жаш аялдарга болсо пролактиндин кандагы азайышы алардын балалуу болушуна зор мүмкүнчүлүк жаратат.

-Кош-бойлуулук – бул медициналык оорууга кирбейт.  Бирок Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) айткан: “Балаллу жана кош-бойлуу аялдар орозо кармабасын, себеби Аллах жаш-баланын же эненин ичиндеги наристени  кыйналышын каалабайт”.

-Адамдын терисиндеги майда ооруулар (кожные заболевания) Орозо убагында организмдеги суюктуктун азайышынын натыйжасында айыгып кетүүсү жана ɵнɵкɵт тери ооруулардын жакшы жака ɵзгɵрүүсү да далилденген.

-Аллергия ооруулары орозо кармаган убакта кескин түрдө азаят, себеби аллерголог дарыгерлер да өздөрүнүн бейтаптардагы оорууну айыктыруу үчүн биринчи кезекте эле аларды катуу диетага олтургузушат.

-Орозо өттөгү жана  бөйрөктөгү таштардын пайда болуусуна да кескин азайтат, себеби Орозо кармоо сийдиктеги кальцийдин азайышына, натрий менен калийдин кѳбѳйүшүнѳ жакшы шарт түзүп берет.

 Орозону кармоодо акыркы убактарда медициналык эмдѳѳлѳрдүн кайсыларына уруксат жана кайсыл эмдѳѳлѳр Орозону ачып жиберет. Токтолуп ѳтѳбүз.

Орозо дурус боюнча калат (бузулбайт):

-Медициналык эмдөө: теринин астына п/к, булчунга в/м жана тамырга в/в жасалуучу уколдор;

-Эмдөө (шприц) аркылуу анестезия жасоо;

-Оорууну сездирбөө (анестезия, наркоз);

-Дем кысылуусуна каршы оозго чачылуучу спрей (астма, бронхит пристубунда);

-Тилдин астына салынуучу таблетка жана спрей (жүрɵк пристубу, стенокардия, инфаркт, давления);

-Мурунга чачылуучу спрей (аллергияга каршы);

-Артерия-кан тамырга катетер коюуу;

-Коронарография жана ангиография;

-Компьютердик томографиянын бардык түрү (контрасттары менен дагы мүмкүн);

-Эркектердин жыныстык мүчөсү аркылуу кирүүчү контраст, дарылар жана аны текшерүүчү жабдуулар:

-Аялдын жыныстык мүчөсү аркылуу куюлуучу дарылар жана аны текшерүүчү жабдуулар;

-Кулакка дары тамызуу (эгерде кулактын пардасында тешик болбогон болсо);

-Теринин үстүнө сүйкөлүүчү май, крем жана дарылар;

-Кан берүү (алдыруу), хижама жасатуу;

-Анализ үчүн бейтаптан кан алуу.

Орозо дурус болбойт (бузулат):

-Медициналык эмдөө, эгерде ал дарылар адамдын алсыздыгын жакшыртууга байланыштуу болсо (глюкозы, гормондор, витаминдер ж.б. ушул сыяктуулар);

-Гастроскопия жана эндоскопиялык текшерүүлѳр жана алар аркылуу дарыларды куюлушу;

-Арткы ичеги жактан текшерүү жана алар аркылуу дарыларды куюлушу;

-Артка свечаларды коюу (мисалы геморрой оорусунда);

-Клизма жасатуу;

-Гемодиализ;

-Таблетка жана капсулаларды ичүү;

-Кулакка дары тамызуу (эгерде кулактын пардасында тешик болгон болсо).

Кандай бейтаптарга Орозо кармоо болбойт:

-Инсулин алып жаткан (Iчи типтеги) абалы оор бейтаптар;

-Канты тезинен  түшүп же кескин кɵтɵрүлүп кетүүчү ооруулар;

-Башка адамдын жардамына муктаж болгон оор абалдагы бейтаптар;

-Жүрөк жетишсиздигине чалдыккан ооруулар (сердечная недостаточность);

-Инфаркт жана инсультка чалдыккан оор абалдагы бейтаптар;

-Оор абалдагы гипертония (кан басымы жогору болгон) ооруулар;

-Боор жана бɵйрɵк жетишсиздигине чалдыккан бейтаптар (гемодиализ);

-Бардык өнөкөт (хроник) ооруулардын кайталаныш (обострения) убагы;

-Бардык инфекциялык (жугуштуу) ооруулар (Коронавирус да кирет);

-Психикалык ооруулар;

-Кош-бойлуу жана балалуу аялдар;

-Жашы улуу ѳзүн-ѳзү камсыз кыла албагандар жана жаш бойго жетпеген ѳспүрүмдѳр.

Рамазанда эмнеден сактануу зарыл:

Орозо убагында чоң күч иштете турган жумуштарды азайтуу же жеӊилдетүү зарыл, машыктыруучу залдарды (футбол, волейбол, күрөш ж.б.,) токтотуу да сунушталат. Күндүн ысыган мезгилинде дене дем ала турган, пахтадан даярдалган ак же боз кийимдерди кийүү керек болот, баш-кийим –  албетте жеңил калпак же шапке кийип жүрүӊүздɵр. Күндүн ысык убагында абада сыртта азыраак болууга аракеттениздер, көпчүлүк убакта кондиционери бар бɵлмɵлɵрдɵ болуу зарыл. Бирок шамалдап ооруп калуудан сактануу үчүн кондиционердин түз тийип турган шамалынын астында көп убакытка олтурбаӊыздар. Сухурдан (саарлыктан) кийин кɵп тамак жебеген адамдар багымдаттан кийин бир аз уктап алуусу да орозону жеӊилдетет. Орозо убагында күндүзү саат 14.00дөн – 17.00ге чейинки аралыкта 40-60 минутага чейин уктап эс алуу да организмге чоӊ пайда келтирет.

Рамазан айында кандай тамактануу керек?

Орозо убагында мүмкүн болушунча тамактарды жѳнѳкѳйлѳтүүгѳ аракет кылыныздар. Тамак бул айда канчалык аз желсе организм үчүн да ошончо көп пайда болот. Кечке чейин ачка калган аш-казанды ифтар убагында бир заматта толтуруп алуу да организмге терс таасирин тийгизет. Ифтарды суу жана 3 даана курма (финник) менен ачкан медицина жактан дагы, Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) сүннөтү боюнча да сунушталат. Себеби окумуштуулардын айтуусу бонча  курманын курамында 60-65% чейинки организмге тез сиңүүчү кант (фруктоза) бар. Фруктозанын кадимки канттан айырмасы, ал кандагы кантты тезинен кɵтɵрүп жибербейт жана аш-казан тамак системасын толугу менен  иштей башташына шарт тузөт. Суу, айран, жаӊы жасалган компот жана кѳк чайды көбүрөөк ичүү сунушталат, себеби суюктуктун суткалык нормасы дени сак адамдар үчүн 2,5-3,0литрге чейин  болуусу зарыл, андан тышкары жер-жемиш, салаттардан да ифтар убагында кɵбүрɵɵк колдонуӊуздар. Орозодо суткасына бир жолу жакшы тамактануу зарыл. Сухурга (саарлыкка) жумуртка, майсыз эттерди, балык, тооктун этин, түрлүү кашаларды, буурчак, жаңгак, банан, сунушталат. Куурулган, майлуу жана туздуу тамактарды, кантты, ар түрдүү таттуу тамактарды (торт, пироженое ж.б.), минералдык сууларды,  колдонбоого аракет кылыӊыздар.

Аллах бул улуу Рамазан айында туткан Орозолорубузду жана кылган ибадаттарыбызды кабыл кылган болсун. Элибизге ден-соолук, берекет берип асманыбызды ачык кылсын.

Мен колумдан келгенин сиздерге жеткирдим. Бардык акыйкатты билүү Аллахка гана таандык.

 Материалды даярдаган:  Халматов Абдимиталип Нышанбаевич.

Доцент КРСУ, кардиолог, медицина илимдеринин кандидаты