Бардык абоненттерге ыңгайлуу болуусу үчүн ыйык Орозо айына карата MEGA компаниясы MEGA24 тиркемесинде салтка айланып калган акысыз сервис – Орозо-2023 календарын ишке киргизди.
MEGA24 тиркемесинде төмөнкүдөй актуалдуу маалыматтар жеткиликтүү:
- Кыргызстандын бардык аймактары үчүн ырааттама;
- ооз бекитүү жана ооз ачуу убактысын көзөмөлдөөчү ыңгайлуу таймер;
- ооз ачуу/бекитүү алдында окулуучу дубанын тексти;
- ооз ачуу/бекитүү алдында эскертип туруучу эскертмени жөндөп алуу мүмкүнчүлүгү.
Сервис MEGA24 тиркемесинин (Google Play жана App Store’дон жүктөп же жаңылоого жеткиликтүү) «Портал» бөлүмүнө киргизилген.
MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору бардык мусулмандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайт. Жалпы кыргызстандыктарга тынчтык, ынтымак жана бейпилдик каалайбыз. Тилеген тилектер кабыл болуп, ар бир үй-бүлөгө биримдик жана бардар жашоо алып келсин.
MEGA – мыктыны тандоо!