Домой Саясат Орозбек мырзаны кимдер оодарды?!

Орозбек мырзаны кимдер оодарды?!

87

Иштин көзүн билген инсан катары коомчулукка белгилүү Орозбек Нусувалиевди  “Учкун” ачык акционердик коомунун башкы директорлугунан аталган мекеменин Байкоочулар кеңеши мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотуу боюнча чечим кабыл алды.

Орозбек Нусувалиев

Байкоочу кеңешке жогору жактан басым кылып таасир кылгандар бар экени айтылууда. Орозбек мырза,  “Учкунду” 1 жылдан ашык жетектеди. Ал кызматка келери менен оңдоп-түзөөгө көптөн бери муктаж болуп турган мекемени капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп баштаган. Андан тышкары, “Учкунду” бир нече миллиондогон сом  кирешеге чыгарыптыр. Кыскасы, көңүлгө толорлук иштеп жаткан жетекчилердин орду бийликтин бийик секисиндеги билермандарга керек болсо, болбогон шылтоолор менен кетирип, анын ордуна өз кишилерин алып келмей көрүнүшү эчактан бери эле кадыресе көрүнүшкө айланган. Азырынча Нусувалиевдин өз ордуна калаары, же калбасы толук чечиле элек, балким Ак үй адилеттүү чечим кабыл алса,  калып да калышы мүмкүн дешет. Ал эми анын ордуна жүгүргөндөрдүн санаасы тынчыбай, таасирдүү кишилерди ортого салып жүрүшүптүр.