Домой Коом Орозалиев: Шаарда оору жуктургандар көбөйүп баратат

Орозалиев: Шаарда оору жуктургандар көбөйүп баратат

73

“Ар бирибиз өзүбүздүн, үй-бүлөбүздүн, жакындарыбыздын амандыгы үчүн жоопкерчиликте бололу. Мен бир нече күндөн бери балдарымды көрө элекмин, силер балдарыңар менен чогуусуңар,. Ошондуктан, дарыгерлердин талаптарын эске алып, көчөгө азык-түлүк, дары-дармек алуу жана башка маанилүү муктаждык болбосо чыкпагыла деп суранат элем”, — деди Алмаз Орозалиев.

Коменданттын маалыматына ылайык, өзгөчө абал киргенден бери шаарда кылмыштуулук азайды жана жол кырсыктары да сейректеген.

Бишкек шаарында 410 кайгуул кызматкери иштеп жатат.

Кыргызстанда 17-апрелге карата соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан дагы 23 адам катталды. Анын ичинен 14 адам Бишкекте.

Борбор калаада коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 102 адам.