Домой Саясат Оппозициядагы фракциялар Сооронбай Жээнбековго “чык эшикке” деди….

Оппозициядагы фракциялар Сооронбай Жээнбековго “чык эшикке” деди….

69

where to buy man 1 man oil. SAB_6138 (1)

Биздин негизи кызык эле элбиз. Андыктан эл шайлаган депутаттарыбыз бизден өткөн “апендилер” экенин моюнга алыш керек. Баш мыйзамда бийлик бутактарынын тең салмактуулугун кашкайта жазып коюп, бирок көнгөн адатыбыз менен президентке “кулдук ура” беребиз. Кечээ Парламенттеги коалициялык азчылыкты түзгөн “Ата Мекен”, “Республика – Ата-Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары Өкмөттүн өткөн жылдагы отчётуна канааттанышкан жок. Мунусу менен алар “президентке “кулдук урушту” . Анткени азыр президенттин иниси Асылбек Жээнбеков, парламенттин көшөгө артындагы “төрагасы” болгонуна көп болду…Асылбекке жардамчы болуп кудасы “ Республика – Ата -Журт” фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиев катыра кызмат кылууда. Эң кызыгы, оппозициядагы фракциялар билип-билбей туруп эле Сооронбай Жээнбековго “чык эшикке” деди…. Тагыраак айтканда анын Премьер-Министр кезиндеги ишин жокко чыгарып канааттандырган жок. Себеби: Сапар Исаков Премьер-Министрлик кызматка былтыр августтун этегинде гана дайындалган. Ошентип, 8 ай иштеген Сооронбай Жээнбековдун ишиндеги кемчиликтер үчүн, 4 эле ай иштеген Сапар Исаков “ садага чабылганы” жатат. Муну уккан коомчулук да дүрбөлөңгө түшүп Бакиевдердин “Ак жол” партиясынын “кейпин кийген” парламентти таркатуу боюнча демилге көтөрүп чыгышты. Эми депутаттарыбыз “бети кызарып” өзүн- өзү таркатып жиберсе, элдин талабын аткарган болор эле.