“Бир Болдун” лидери Алтынбек Сулайманов КТРК уюштурган теледебаттарда бир беткей сүйлөбөй, бирде бийликти шатырата согуп, бирде жагынгандай сүйлөп, айтор позициясы кайсыл тарапта экенин так билгизбей, эки тоонун чөбүн эңсеген неменин ролун аткаргандай элес калтырды. Чынында “Бир Бол” бийликке кошомат кылып, эптеп эле коалицияга кирип кетүүнүн амалын издеген фракция экени бештен белгилүү. Булардан кыйраткан деле оппозиция чыкпайт. Анткени, жалпы элге белгилүү болгондой, бул фракциядагылардын көбү уруу-кески, кудайдан жөө качкан, анан да “акча бар, акылдын кереги жок” деген позиция менен жашагандар, бирок акыл үйрөткөн жагынан усталар. Эгер укук коргоо органдары Жапаров, Чудинов, Бакчиев, Пирматов баштаган бир топ “бирболчу” шумпайларды кичине эле чукуп койсо, кылмышка жетелеген кызыктуу иштер калкып чыкмак да, аз эмес жылга абакка айдалмак. Азырынча андай күн келбей турат, бирок келчү учур алыс эмес…