Акыркы убактарда, Атамбаев менен Жээнбековдун тирешүүсү тууралуу ар кандай майда барат сөздөр дагы, оппозиция болумуштардын “ чырагына май тамызып” жаткан учуру.
Такталбаган маалыматтар социалдык түйүндөргө “ желдей тарап” жана канчалык таң калыштуу болгону менен ошол маалыматтардан ар кандай жыйынтыктарды саймедиреп жаткандар да чекеден табылат. Мындай “көзү ачыктыкты” биздин оппозициядан күтсө болот. Анткени булар саясий айдыңында өздөрүнүн альтернативдүү сунуштарын айтып чыгып күрөш жүргүзүүгө жөндөмсүз. Булар кечээ эле президенттик шайлоо учурунда Бабановдун Жээнбеков менен болгон атаандаштыгын жиниккендей болуп колдоп келишкен. Бирок, тез эле Бабановдон “көңүлдөрү калып” унутуп коюшканы кызык. Оппозиция “керт башынын кызыкчылыгы үчүн гана” Бабановду колдомуш болуп чыгышы да толук ыктымал.
Андан көп өтпөй эле, акылга сыйбаган таң калыштуу көрүнүшкө туш болдук. Оозунан ак көбүгүн чачыратып өлкө “Исламдашып “ “ Жээнбековдошуп” кетмей болду деп кыйкырып чыккандар, күтүүсүздөн эле Жээнбековдон өздөрүнүн пикирлешин, а түгүл айрымдары коргоочусун “ көрө баштады”. Мунун баары коопсуздук кеңешиндеги президенттин “ тарыхый” сөзүнөн кийин башталды.
Башка өңүттөн алып караганда, оппозиция өкүлдөрүн деле түшүнсөк болот… Алар деле тирүү жандар, жеп ичкилери, эгер мүмкүндүк жаралып калса “ токочтуу орундарды” ээлеп калгылары келет. Анын үстүнө оппозиция болумуштардын көпчүлүгү мурда жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалашып, эбегейсиз байып кийин тагдырдын тамашасы менен четке сүрүлүп “ оюндан чыгып” калган адамдар. Мамлекеттик кызмат деген бирөөгө энчиленип берилген мурас эмес. Бирок тилекке каршы кызматынан “ кол жууган” экс чиновниктер муну такыр эле түшүнгүлөрү келбей жатат.
Айрым адамдар оппозициянын Жээнбеков аркылуу Атамбаевди “ баса калуу” аракетин колдоп жатышат. Байкаган адамга албетте бул көрүнүш акылга анчалык сыйбайт. Анткени оппозиция деген сөздүн өзү бийликке каршы дегенди билдирет.
Ар бир нормалдуу өлкөдө оппозиция бийликке келип өздөрүнүн саясий максаттарын ишке ашырууну көздөшөт. Бул аксиома деп айтсак да жарашат. Табиятына жараша оппозиция конструктивдүү боло албайт. Ал өзүнүн кызыкчылыктарынан максаттарынан улам гана конструктивдүү болушу мүмкүн. Башкача айтканда , оппозиция бийлик үчүн болгон саясий күрөштө мыйзамдуу ыкмаларды колдонгондо гана конструктивдүү боло алат. Бирок ошол эле мезгилде оппозиция конструктивдүү эмес болуп саналат. Анткени ар дайым кыйратуучу мүнөзгө ээ болуп, сын айтып өлкөнүн өнүгүүсүнүн альтернативалык жолун сунуштайт. Бийлик элди артына ээрчитүү максатында коомчулукка таңуулоого аракет кылып жаткан көрүнүштү, оппозиция кыйратууга аракет кылат. Андыктан Атамбаев менен Жээнбековду тирешүү ыктымалдыгынан пайда көрүүнү каалап жаткандарды оппозиция деп атоо да кыйынга турат. Ошол эле кезде, алар Атамбаев Жээнбековду алып чыкканын жана аны активдүү колдогонун эстеринен чыгарып жатышат. Атамбаевди сындап жана Жээнбековду колдоп жаткан оппозиция кайра эле Атамбаевди колдоп жатканы парадокс.
Жээнбеков кандай жаңы нерселерди сунуштады?
Азыркы президент Атамбаев түптөп кеткен стратегиянын алкагында иш алып барууда. Бул региондорду өнүктүрүү, бул өз күчүбүзгө таянуу, бул коррупция менен күрөшүү жана сот реформасын улантуу. ММК дагы ушак айыңдар боюнча да Жээнбеков менен Атамбаевдин көз караштары дал келет. Экөөcү тең сөз эркиндиги үчүн, бирок экөөcү тең жалган жалаага каршы.
Мунун далили катары Жээнбековдун журналист Кабай Карабековго карата доосу тууралуу сөзүн келтирүүгө болот. Президент өзүнө карата айтылган жалган жалааны кечирбейт экенин билдирди. Анткени аны эч кандай себеби жок эле экстремисттерге жабыштыра салышкан эле. Атамбаевдин да позициясы дал ушундай болчу. Андыктан Атамбаев да “ Чак түштө чаккан жыландар” Заноза сайтын, журналисттер Дина Маслованы, Нарын Айыпты кечирген жок. Ошондой эле Атамбаев, аны Россиядан келген акча каражаттарына эч себепсиз жармаштыргандарды жана Чолпон Жакыпованын жоопкерчиликсиз, негизсиз билдирүүлөрүн кечире алган жок.
Акыркы күндөрү оппозиция, президенттин иниси Асылбек Жээнбековго мандатын тапшырууну сунуштаган “ Айкөл Ала-Тоонун” лидери Мискенбаевди “ тепкилеп” киришти. Бул ойду Мискенбаевге чейин айтпаса дагы, оппозиция колдоп коштоп кете турган жерде болчу. Бирок, таң калыштуусу оппозиция депутатты колдоп- коштоп айрымдары “ айга күнгө теңеп жиберүүгө” да үлгүрүштү.
Жээнбековдун бүгүнкү “ коргоочуларынын” эсине салып койо турган жагдай : мындан бир нече жыл мурда А. Жээнбеков спикер болуп турганда ал эми азыркы президент Ош облусунун губернатору кызматын аркалап жатканда өлкө “ Жээнбековдошуп” кетти дегенди силер көтөрүп чыкпадыңар беле? А эмнеге эми силердин көз карашыңар, теңирден тескери өзгөрдү? Же шайлоонун алдында эмне деп кыйкырып жүргөнүңөрдү эсиңерге салалыбы? Анда деле силер кудум ушинтип кыйкырып жүргөнсүңөр!
Деги эле тарыхтан сабак ала турган түрүбүз жок окшойт. Өз учурунда Кулов Жаныш Бакиевди атайын кызматтын төрага орун басарлыгына сунуштап, чекисттерге тааныштырган эле. Мунун аркасы эмне менен бүткөнүн, элдин баары жакшы билет. Айрым азыркы оппозициянын өкүлдөрү убагында Максим Бакиев менен Курманбек Бакиев, кийин Максим эч кандай шайлоосуз эле атасынын ордуна тактыга отургудай кылып мыйзамдарды өзгөртүп жатканда да, баары өз жайында дегендей түр көрсөтүшкөн. Бирок, тилекке каршы тарых буларга сабак болбойт экен.
Мискенбаев болсо, боло турган коркунучтарды белгилеп өткөнү менен, Кыргызстандын оппозициясынын адатта оппозициянын табиятына тыш реакциясына кабылды. Ал эми бийликтин короосунан орун тапкысы келген саясат таануучулар менен эксперттер тууралуу сөз кылууну дагы каалабай турам.