«Оперативдүү» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусунун Караван айылында ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын жараны М.М. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) башкаруусунда «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алышкан.
Бажылык текшерүүдө жалпы салмагы 2775,5 кг түзгөн лимондор табылган.
Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.
Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 138 миң 775 сомду түздү.
Бул факт боюнча материалдар кароо жана негизи боюнча чечим чыгаруу үчүн «Оперативдүү» бажысынын Бажылык териштирүү тобуна өткөрүлүп берилди.