Домой Коом «Оперативдүү» бажысы 3 миллион сомдон ашык эл керектөөчү товарларды жалган декларациялоо фактысын...

«Оперативдүү» бажысы 3 миллион сомдон ашык эл керектөөчү товарларды жалган декларациялоо фактысын аныктады

19

«Оперативдүү» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарларды жалган декларациялоо фактысын аныкташкан.

Түштүк-Батыш бажысынын «Мегалогистик» БТЖда «Volvo» маркасындагы унаа текшерүүгө алынган. Бажы текшерүүсүн жүргүзүүдө автотранспорттун жүк бөлүгүнөн декларацияланбаган эл керектөөчү товарлар (эл керектөөчү товарлар) табылган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 3 152 577 сомду түздү.

Иштин жагдайлары такталып, маселе негизи боюнча чечилгенге чейин товар жүктөлгөн транспорт каражаты «А.Т.» (башкы тамгалар өзгөртүлдү) убактылуу сактоо кампасынын аймагына коюлган.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.