Домой Коом Опера жана балет театрынын мурунку директору Болотбек Осмонов кармалды

Опера жана балет театрынын мурунку директору Болотбек Осмонов кармалды

115

Аабдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурунку жетекчиси кармалды. Бул маалыматты бүгүн, 19-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, мурунку директор Осмонов Болот кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайдасыз келишим түзгөн. Анын кесепетинен мамлекетке 1 млн. сомдон ашык зыян келтирилген. Баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту бүгүн карайт. Осмоновдун коррупциялык иштери тууралуу багы чейин ЖМКларга байма-бай маалыматтар чыккан. Ал өзүнө каршы чыгып, мыйзамсыз иштерин ачык айтып чыккандарды чотко берген эле…