Борбор калаада оорулуулар азайгандыгына байланыштуу убактылуу ачылган күндүзгү жана түнкү эки стационар жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сейтек мектебинин базасында күндүзгү стационар жана Октябрь районундагы «Салтанат» ресторанындагы түнкү стационар оорулуулар азайгандыгына байланыштуу жабылды. Жал кичи районундагы №95 мектептеги стационар эртең жабылат.
Кечээ, 1-августта күндүзгү стационарларга 1 миң 176 жаран кайрылган. 1-августтан 2-августка караган түнү стационарларга 192 адам кайрылды.
Учурда Бишкек шаарында эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштеген 12 күндүзгү стационар, ал эми шаар боюнча 2 түнкү стационар калды.
Будак: Супер