Домой Саясат Оомат Исаевге оойбу?

Оомат Исаевге оойбу?

65

Канат ИсаевСпикерликке ат салышып жаткан «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев жөнүндө ар кандай кептер айтылууда.  Саясатка жаш, батыл аралашып, бир топ кемчиликтерди кетириши мүмкүн. Бирок, акыркы 3-4 жылда Исаев тажрыйбалуу, телчиккен саясатчы катары өсүп келатканын моюнга алышыбыз керек. Текейден арзан сатылып кеткен (100 миң сом) «Ак-Кула» ат майданын мамлекетке кайтарып берүүнү так ушул Исаев көтөрүп чыккан. Улуттук маанидеги ат майданын кайтарып алууга болгон күчүн жумшап, Коррупцияга каршы кызматка, Башкы прокуратурага кайрылып атып, мамлекетке кайтарып алды. Караколдогу ат майданы да менчиктештирилип кеткен экен, аны да тызылдап жүрүп элдин менчигине кайрып берди окшобойбу. Канатбек Исаев жаш, намыстуу, өжөр экенин минтип иш жүзүндө көрсөтүп жатат.  Өкмөт боюнча, тендердеги коррупциялык схемаларды так ушул Канатбек Исаев ачык айтып чыкканы бери болгондо мекенчилдик болду десек болот. Болбосо, көп саясатчылар буктурмада жатышпадыбы, бери жактан от тамызып коюп… «Көзүм көрбөсө»… дегенсип. Кыскасы, Канат мырза спикерликке татыктуу талапкер болуп турат. Жолу ачылсын дейли…