Өткөндө “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын депутаты Тазабек Икрамов “Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызматкерлери, анын ичинде биринчи вице-мэр Тайырбек Чойбеков 1 гектар жерди менчикке мыйзамсыз өткөзүп жиберишкен” деп парламент трибунасынан айткан эле. “Депутаттын бул айткандары такталбаган маалыматтар. Ооба, прокуратура кылмыш ишин козгогон, бирок, мыйзамсыздык болгонбу, болсо, аны ким ишке ашырганын соттон мурун эле айтууга болбойт да”, — деп нааразы болот Тайырбек Чойбеков мырза.
Негизи Икрамовдун “чоң муштумдук” жайы шайлоо мааалында жакшы эле байкалган. Эми да ошол ыкмасына салып, вице-мердин жаагын талкалап жүрбөсүн. Неге дегенде “чоң муштумдардын” муштуму бат-бат кычышып турат эмеспи.