«Өнүгүү» партиясы бир гана кошомат жагынан укмуш өнүгүп жатат. Туф ей…
688
Бул партиянын «атасы» өӊдөнгөн Бакыт Төрөбаев деген неме чоӊ саясатта өзүн көрсөтө албай, жеткен кошоматчы, бир канча жүздүү экенин далилдеп, «саясый өлүккө» айланганы ырас. Муну өзү деле эӊ сонун билет. Бакиев тушунда канкорду укмуш мактап, ага жөн эле көлдөлөӊдөй төшөлүп, саясый карьера жасаган. Атамбаев тушунда Атамбаевге да укмуш жагынып жүрдү. Ал тургай ал кишинин өзүн сындаганы өзүнө укмуш пайда болуп, курчутуп жатканын айтып бежирегенде, Атамбаев ага «дары болсун» деп айтты эле. Эми болсо Жээнбековду укмуш мактап, айга –күнгө теӊеп, ага кулдук уруп жүрөт. Төрөбаевдин жанын такыр кетпеген, ошонун аракасы менен саясатка аралашып алган Тынчтыкбек Шайназаров деген курагыр да кошоматты «шефинен» калышпай, керек болсо ашыра айтканды укмуш өздөштүрүптүр эй.Ал «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент катышкан жыйында мындай кеп айтты:Кээ бир саясатчылар, эксперттер «соттук реформа ишке ашпады, максатына жетпеди» деп туруп мамлекет башчыга да баа бере турган бейбаштыкка күбө болуп атам. Ошондуктан, урматтуу укук коргоо органдарынын жетекчилери, урматтуу мамлекеттик тийиштүү органдар, силер да «качан президент жооп берет экен» же «Стамалиева айым оюн билдирет экен» деп күтпөй, мүмкүнчүлүк бар, баарыңарды кол астыңарда армия бар. Ошол багытта дагы жумуштарды алып барсаңар деп суранат элем.” – деп бакылдады. Деги эмне болуп кетишет экен. Мансап, байлык деп жүрүп, адамдык абийирди такыр эле жыйыштырып, дырдай жылаӊач болуп алышты, музейдеги ашынган феминисткаларга окшоп…Булак: Багыт