Домой Коом Онлайн-интим бизнесин каржылап, алданып калган Нурландын окуясы

Онлайн-интим бизнесин каржылап, алданып калган Нурландын окуясы

63

Бишкек шаардык соту алдамчылыкка айыпталган Айбекке (аты өзгөртүлдү, Т.А.) карата өкүм чыгарды.

Соттун токтому Сот актылары жана отурумдардын электрондук базасында жарыяланган.

Буга чейин Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 30 жаштагы Айбекти Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен күнөөлүү деп тапкан. Айыпталуучу 5 жылга эркинен ажырап, 70 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Ошондой эле Айбек жабырлануучуга 726 миң 440 сом төлөп бермек. Айбектин жактоочусу мындай чечимге макул болбой, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Окуянын чоо-жайы:

2019-жылы февралда Айбек таанышы Нурландан (аты өзгөртүлдү, Р.Н.) онлайн интим кызматын көрсөткөн вебкам-студия ачуу үчүн 10 миң 400 доллар алган.

Нурландын (жабырлануучу) айтымында, Айбек аталган бизнестен эки жума сайын 3000 доллар киреше алып турарын айткан. Ошондой эле Нурландан алган акчага ижарага батир алып, үй эмеректерин, техника жана интим буюмдарын сатып аларын билдирген. Мындай сунуш Нурланга жагып, макул болгон.

Нурлан керектүү сумманы досунан алып, аны менен киреше түшкөндө эсептешерин айткан. Ал эми Айбек Нурланга 10 миң долларга 5 студия ачарын убадалаган.

Бирок 3 айдан кийин Айбек ар кандай шылтоолорду айтып, андан соң телефон чалууларга да жооп бербей калган. Нурлан онлайн интим көрсөткөн бизнестен баш тартууну чечип, бирок Айбек менен эч жолуга албай жүргөн.

Айыпталуучу эмне дейт?

Айбек күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал 2019-жылы февралда Нурлан экөө вебкам-студия ачууну чечип, аталган бизнес-долбоорго Нурлан ири суммадагы акча салганын тастыктады.

Айбектин айтымында, акча ижарага алынган батирге, техника жана башка буюмдарга сарпталган. Нурлан кирешенин өзүнө тиешелүү пайызын алып турган.

Айбек менен чогуу Искен (аты өзгөртүлдү, Р.И.) да иштеген. Искен вебкам-моделдерди таап турган. Бирок аталган бизнес 2-3 ай гана иштеген.

Айбектин айтымында, андан кийин Искен иштебей, студиядагы кыздар менен отуруштарды уюштуруп баштаган. Ага байланыштуу Айбек бизнести Нурланга өткөрүп берип, өзү Алматыга иштегени кеткен.

Казакстанда жүргөндө ага Бишкектеги вебкам-студия үчүн ижарага алган батирдин ээси телефон чалып, келишимди жокко чыгарарын, батирде спирт ичимдиктерин ичишип, бардык эмеректер талкаланганын айткан.

Айбек Нурлан бизнести банкрот кылды деп эсептейт. Ошондой эле ал жабырлануучу Алматыга ар кайсы кишилерди жөнөтүп, андан акча талап кылып жүргөнүн белгиледи.

Айбек Нурланга акча карыз эмес экенин айтып, соттон адилеттүү чечим чыгарууну суранды.

Жыйынтыгында Бишкек шаардык соту Ленин райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

булак: barakelde