Домой Ден-соолук Онкологдор тыйуу салган азыктар

Онкологдор тыйуу салган азыктар

102

6672234_900

 

Рак – ар кандай себептер менен пайда болгон оору. Учурда бул оору жаш балдардын арасында да көп кездешүүдө. Бирок, ал ооруну алдын алып, туура тамактанып, иммунитетти чыӊдап турууну доктурлар такай айтып келет. Алсыздар, иммунитетти начарлар бул оору менен ооруп келишет.

Кант жана жасалма таттуулар

Кант кандагы инсулинди көтөрүп гана тим болбостон, рак клеткаларын сиӊирүүчү касиетке да ээ. Бул факт илимде канча убакыт мурун эле изилденген. 1931-жылы немис Нобель сыйлыгынын ээси Отто Варбург биринчи жолу шишиктер кант менен тамактанат деп изилдеп чыккан. Онкоклеткалардын өрчүшү үчүн таттуулар, фруктоза катуу таасир берет экен. Эмне менен алмаштырса болот? Бал, пальма шекери, чийки меласса.

Иштетилген эт

Иштетилген эт дегенде жугундуну элестетпеӊиз. Ал бекон, сосиска, колбаса ж.б. Гавай университетинин окумуштуулары аталган азыктар ашказан рагына алып келээрин тастыкташкан. Иштетилген эт көп химикаттарды жана консерванттарды да камтыйт. Айрыкча ышталган азыкты таптакыр жеген болбойт. Ал азык өзүнө смоланы сиӊирип алат. Өзүӊүз эле майы жок эт алып жасап алсаӊыз болот.

Жасалма өстүрүлгөн балык

Лосось балыктарын өтө тез өстүрүүчү бизнесин баарыбыз билебиз. Андай балык өстүрүүчү жасалма көлмөлөрдө балыктын саны көбөйгөндө бактериялар да көбөйөт. Ошондуктан балыкты антибиотиктер, пестициддер менен жуушат. Ал эми ал адамдын ден соолугун өлтүрөт.

Маринаддалган жана ышталган азыктар

Негизи маринаддалган жана ышталган азыктарга азыктын сактоо мөөнөтүн узартуучу консерванттар кошулат. Азыктын мөөнөтүн узартканы менен адамдын өмүрүн кыскартат. Аягында клеткалардын иштөөсү бузулуп, ракка алып келет. Андай азыктарды жылуу суу менен жууганда ого бетер ууга айланат.

Гидрогенизирацияланган майлар

Аталган майлар – синтетикалык азык, мөөнөтү көпкө созулгандыктан химикаттар көп кошулат. Андан сырткары, майдын даамын жана жытын кетирүүчү атайын химикаттар кошулат. Андай майлар фабрикадан чыккан азыктарда көп кошулгандыктан, фабриканын тамагын жеген опурталдуу болот. Себеби, андай азыктар эмчектин рагына алып келет. Оливка майы менен алмаштырса болот.

Чипсы discount brand viagra online.

Эмнеге чипсынын даамы башкача десе чипсынын картошкасы  гидрогенизирацияланган майда куурулат экен. Күнүнө бир г чипсы жылына 1 кг салмак кошууга жардам берет экен. Андан сырткары чипсыда транс-майлар болгондуктан алар кандагы холестеринди көтөрүп, кан басым да көтөрүлөт. Ошондуктан картошканы кесип алып өзүӊүз эле бышырганыӊыз оӊ.

Самара Саламатова