Домой Коом «Шансым болсо коймокмун» Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди

«Шансым болсо коймокмун» Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди

18

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышарын али чече элек. Бул тууралуу ал NewTV телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал алдыдагы шайлоодо жеңишке жетерине ынанбай турганын белгиледи.

«Менин жеке баамымда шансым аз. Шанс аз болгондон кийин жөн эле көрүнүп коеюн деп эле катыша тургандай мен жаш саясатчы эмесмин. Ошон үчүн ачык айта албайм. Бирок, катышпай калышым мүмкүн», — деди Өмүрбек Текебаев.