Президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда өлкө башчысы катары акыркы жолу журналисттер үчүн атайын маалымат жыйын өткөрүп, бир катар суроолорго жооп берди. Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндөгү эмгеги коомчулукта ар кандай бааланып жатат. Сиздин оюңузча өлкө башчысы өз милдетин кандай аткарды?
— Жакында эле Алмазбек Атамбаев президенттик учурдагы 6 жылдын үч жылын пикет менен өткөрдүм деп айтты. Чынында ушундай болуп, анын 3 жылдык мөөнөтү ар кандай митинг-пикеттер менен коштолду. Ошондой болсо да келечек үчүн күйүп-бышкан, эл үчүн кызмат кыла билген, кезеги келгенде ар бир маселени ачык айткан президент болду. Кээде элдин тагдырына, кыргыз элинин келечегине кайрылуу менен протоколдон чыгып сүйлөгөн сөздөрү болду. Атамбаев 6 жылда кыргыз элине үй-бүлөсүндөй кам көрдү деп айсак болот.
— Сиз өзүңүз деле маданият кызматкери катары карапайым эл менен көп жолугушуп жүрөсүз, элдин калың катмарынын президент боюнча пикири кандай?
— Айылда аксакалдар менен ушул темада көп сүйлөшүп калам. Атамбавдин ачык айтып, ак сүйлөгөнү элдин деле купулуна толду. Анын ак сүйлөгөнүн көпчүлүк жактырат. Кыргыз элинин кызыкчылыгын эч качан экинчи орунга койгон жок. Сырттан келип бизге акыл айтып, биздин ички ишибизге кийлигишкендерге тиешелүү жообун берип жатат. Башка мамлекеттердин жетекчилери менен тең ата сүйлөшүп жатканын угуп жатабыз. Бул жакшы көрүнүш.
— Президенттин маданият тармагына кошкон салымын кандай баалайсыз?
— Маданият тармагы бир да көз ирмем кароосуз калбашы керек. Баары маданияттан башталат. Атамбаев бул тармакка да колунан келишинче салымын кошту. Атайын бир жылды маданиятка арнап, анын алкагында көптөгөн иштер аткарылды. Үркүндүн 100 жылдыгынын өтүшү, ага арналып тургузулган эстеликке Россиянын президенти Владимир Путиндин гүл коюшу да кыргыз тарыхындагы жаркылдаган иш болду. Андан сырткары жакында эле Алтай элдеринин дүйнөлүк форуму Атамбаевдин жеке демилгеси менен Бишкекте өттү. Бул иш-чаранын мааниси абдан чоң деп белгилейт элем. Эми 2-Алтай форуму дүйнөлүк деңгээлде өткөнү турат. Муну президент Путин менен жакында жолукканда да белгилеп өттү.
— Атамбаевдин эң мыкты иши деп кайсы эмгегин баалайт элеңиз?
— Президент эки ирет Көчмөндөр оюнун өткөргөнү чоң жеңиш болду Анын негизинде кылымдардан бери келе жаткан кыргыздын тарыхы, каада-салты, улуттук оюндары, баалуулуктары даңазаланды. Биздин ата-бабаларыбыздын байыркы жол жүрүшү кайрадан эскерилди. Ошондой эле ыймансыз, маданиятсыз коом жакшылыкка барбашын эске салуу менен бул багытта чоң иштер аткарылды.
Жакшы иштерди жакшы деп айтканды үйрөнүшүбүз керек. Президенттен деле кемчиликтер кеткени менен элдин кызыкчылыгы үчүн чоң-чоң иштерди жасады. Муну биз ачык айтышыбыз керек.