Мекенге кызмат кылуу деген туура эмес түшүнүк болуп баратат. Өз жанын тыңдап бага албаган көпчүлүк «жалган патриоттор» бул сөздү өз кызыкчылыгына пайданышчу болду. (Бул Медерге тиешелүү эмес, Медер бул жерде сарказм менен айтып жатат).
Мисалы, соодагерлер өзүнө кызмат кылышат, ошону менен кошо бизди керектүү нерселер менен жабдып жатышат. Бизде азыр Совет мезгилиндей дефицит деген нерсе жок, каалаган товарды сатып алсан болот.
Соодагерлер өз бизнесин ойлошот, ошону менен бирге биздин маселени чечүүдө.
Адам өзүнө кызмат кылыш керек. Ар ким өзүнө мыкты кызмат кылса, байыса, жумуш орундарын жаратса, мекенин өнүктүргөнү ошол.
А эгер мамлекеттик кызматка барсаң, элге кызмат кылып жатам деп догурунба. Мамлекет төлөгөн айлыгын алып кызматтык милдетинди так аткар…
Өмүрбек Абдырахманов