viagra 100 mg non generic low cost.
4-октябрда президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин КТРКдагы кезектеги дебаты өттү. Ага Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Алай катышты.
Бул дебаттан кийин Бабановду “балапан” атагандар көбөйүп, анын чыныгы жүзү ушул берүүдөн кийин ачылды дегендер басымдуу болду. Буга чейин элге көп ачыла бербеген С.Жээнбековго тиш кайраган Бабанов ошол жерден татыктуу жообун алып, аягында кызарып-татарып актана албай калды. Өмүрбек Токтогулович ушул дебатта катуу сынды деген пикирлер социалдык тармактарда айтылууда.
Коомдук ишмер, мурдагы парламент депутаты Өмүрбек Абдырахманов да Бабановдун айткандарына ичи чыкпай, анын система тууралуу сүйлөгөн сөзүн өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу сынга алды. Анда Өмүрбек мырза башкаруу системасынын кандай болушун Бабанов билбесе карапайым эл кайдан билмек эле деп суроо салган. “Бабанов: «Эгер мен президент болуп шайланып калсам президенттик же парламенттик система керекпи деп суроону Референдумга коюп элден сурайм «. Эгер башкаруу системасы кандай болуш керек экенин президент болом деген Бабанов билбесе, аны оз оокатын кылып жургон карапайым эл кайдан билмек эле…”, — дейт ал.
Кыскасы КТРКдагы дебат ансыз да рейтинги түшүп бараткан Бабановго катуу сокку болду. Эми 15-октябрда таза жеңилүү ызасын тартканы турат. Кокус башаламандык уюштурам деп опурулса катаал жазага тартылып, бүтүндөй тагдырын талкалап аларын эстен чыгарбашы керек.