Домой Ден-соолук Оморбай Нарбеков: “Кыргызда коронавируска каршы дары бар”

Оморбай Нарбеков: “Кыргызда коронавируска каршы дары бар”

3420

Академик Оморбай Нарбеков кыргыз элине коронавирус боюнча кайрылуу жолдоду. Академик Нарбеков өз кайрылуусунда “илдет менен күрөшүүдө биринчиден түтүн терапиясы, экинчиси, бир күндө үч маал мурун, ооз көндөйүнө чачуучу аэрозоль, үчүнчүсү, азыр медиктер айткан бир жолу тагынуучу бет капты бир суткада беш жолу алмаштыруунун ордуна, беш жолу аэрозолду чачып бир масканы колдонуу жолун сунуштаймын”- деген.

Төмөндө Оморбай Нарбековдун кайрылуусун толугу менен беребиз.

“Урматтуу туугандар, дүнүйө жүзүнүн калкы 3 айдан бери тос-тополоң түшүп, аты суук –таажы вирусунан алапайын таппай калды.Адамдын ден соолугун көз ачып жумгуча космостук ылдамдык менен ажалдын алкымына тыккан доор дарты, Кытайдан башталып, Европа менен Батыш өлкөлөрүн чумадай бачым каптады.Көрүп турасыңар, бизге караганда жашоо шарты бир топ жогору Италия мамлекети шайы ооп, 60 млн калкы ээнбаштык менен эшикке чыкпа деп, үйдөн чыгарбай, аба аркылуу жуккан атың өчкүр корона вирустан катуу жапа чекти.Мына кечээ, Германиянын канцлери А.Меркель да:”Бейчеки баспагыла, эгер кайдыгерликке алдырып, энөөлүк кылсаңар, 10 млн калктын убалына калып, вирустан боо-боо болуп, кырылып калыш кеп эмес!” деп элине Кайрылуу жасады.Дүйнөлүк масштабда дүйнө калкы чакчелекей түшүп, эл арасында дүрбөлөңгө түшкөн оор акыбалга кептелдик.
Азыр элди калпеле жооткотуп, куру кеп менен курсак тойгузар мезгил эмес.Кудай да сактанганды сактайт.Алкымдан алып, өпкөнү майкандаган таажы вирусу миллиарддаган континентти кучагына алып атканда, сыртка чыккан умрачылар менен, өлкөнүн ичине сырттан киргендерди катуу көзөмөлгө алуу жагын колго алыш керек эле.
Эми “ал эле, бул эле” деп акыл айткандан кесел айыгып кетпейт.Эми дартка каршы аны айыктыруу, болтурбоо үчүн катуу чабуулга өтүү зарыл.
Мен, тээ бейиши болгур союз кезинде, союз ураган соң, вирустук ооруларга каршы дары жасаган союздагы окумуштуулар менен биргеликте, Россиялык медицина илимдеринин Академиясынын гриппти илимий жактан изилдөө институту менен 20 жыл тыгыз иш алып барган медик катары, вирустун ондогон түрлөрүн кылдаттык менен изилдеген Санкт- Петербургдук окумуштуулар менен жамаатташ иштегем.Медицина тармагында 50 жылдык тажрыйбама таянып, жүздөгөн дары чөптөрдөн жасалган препараттын автору катары, кеңеш айтууга милдеттүүмүн.
Вирант –деген медициналык багыттагы түтүн терапиясы союз кезинде эле орустар менен биргеликте иштелип чыккан.Аты суук, азыркы кара тумоо жыл өткөн сайын формасын өзгөртүп улам оор формасына өтүүдө.Буга чейин, куш тумоосу, андан соң чочко тумоосуна ооп, эми ошол атың өчкүр вирус, таажывирус деп аталды.
1.Оору бачым жайылып кетпесин десек, дартка тушугуп обсервацияга алынган пациенттерди, үй шартында медициналык багыттагы “дымотерапияны” эрте менен жана кечинде колдонсо болот.
2.Эрте менен кечинде, палатада же үй шартында бөлмөгө аэрозольду чачуу шарт.
3.Өпкө тешилип, ага суу толуп кетсе, өпкөнү дары менен жууп салуу жолдору да бар.
Бул илдет менен күрөшүүдө биринчиден түтүн терапиясы, экинчиси, бир күндө үч маал мурун, ооз көндөйүнө чачуучу аэрозоль, үчүнчүсү, азыр медиктер айткан бир жолу тагынуучу бет капты бир суткада беш жолу алмаштыруунун ордуна, беш жолу аэрозолду чачып бир масканы колдонуу жолун сунуштаймын.Корона вирус же кара тумоонун алдын алып, илдеттен бат сакайыш үчүн, химиопрепараттык дарынын ордуна табияттан алынган, адам организмине жагымдуу АЛТЫНАЙ дарысын сунуштайбыз.Табият жолу менен алынган бул дарынын курамында 30дан ашуун дарылык касиети бар кургатылган чөптүн сабагы, тамыры, мөмөсү, гүлү бар.
”Алтынай” туурасында учкай кепти кыстара кетейин. 30 жылдан бери фитотерапия жана антиоксиоданттардын жаратылышта келип чыгышын терең иликтеп келе жаткан академик катары айтып коюшум абзел, өлүмгө алып келген вирустарга жана ракка каршы эффективдүү күрөшө алган формуланы түзгөнгө жетиштим.Биздин организмди уялап алган көп сандаган инфекцияга, вируска, ракка каршы күрөшүүгө иммундук системага сөзсүз жардам берет. Алардын ичиндеги токсоплазма, хламидия, трихоманад, гриб, вирус, миклоплазма, уреплазма жана ушуга окшогон көптөгөн башка оорулар, акырындап адамдын организмин бузуп, аны өнөкөткө айлантып, акыры оор дарт алып жыгат.Өтө коркунучтуу вирустун бири герпес же кыргызчалатып айтканда учук эринге, мурундун устүнө же кабыргалардын ортосуна кызыл кабыкча болуп чыгат.”Алтынай” препаратын колдонуу, ооз көңдөйүндөгү даам сезгич нервдерин дүүлүктүрүүнүн эсебинен, аш казан, ичеги безинин иштөөсүн күчтөндүрүп, (өт жана панкреатин кычкылын бөлүнүп чыгышын күчөтөт.) Мындан тышкары “Алтынай” препараты вируска жана ракка каршы ретикулоэндотелиалдык системаны жана фагоцитардык функцияны активдештирет.Препараттагы компоненттер СССРдин фармокопеясына кирип өзүнүн тутумунда А провитаминин, каратониоддорду, В17, туйон, хамазулен, абсинтин, селиненди камтыйт.Мында алма, янтарь кислотасы, сапонинам, каротин жана дубилдик заттарга өтө бай.
Бул препараттагы жетиштүү санда камтылган антиоксиданттар өпкөнүн, тамактын, табарсыктын, ичеги жана жоон ичегинин эпителиалдык ткандарын ишенимдүү коргойт.
КОЛДОНУУ ЖОЛУ ЖАНА ӨЛЧӨМҮ:Күн сайын 100 граммдан үч маал ичип, анан зарылчылык болсо, кайрадан бир курс кайталаса да болот.
КАРШЫ КӨРСӨТКҮЧҮ: Боюнда бар жана бала эмизген мезгилде ичүүгө болбойт.
Азыр баары эле, үйүндө жатып алган жок, президент С.Жээнбековдун кечээги видеосунда бюджеттик уюмдар, дем алыш күндөрү да күчөтүлгөн режимде иштешин айтып өттү. Иштегендерге да, үйүндө жаман илдетти жуктурбаш үчүн сыртка чыкпагандарга да, дартты алдына алыш үчүн ВОЗдун сунуштамасы менен колго сүртүлчү, мурун жана ооз көңдөйүнө чачып койчу курамында спирти бар жана атайын мусулмандар үчүн курамында спирти жок, бирок далай чөптүн көптөгөн составы бар, кымбат баалуу май аралашкан (Гүлзат”) аттуу чачма антисептик да даярдалды, анткени жаш балдардын же улгайган адамдардын териси спирттен кургап кетпесин деген максатта, мусулман калкынын суроо-өтүнүчү да эске алынып жасалды.Мындан сырткары составында дары чөп кошулган, майы бар антисептиктин чачма аэрозолун да иштеп чыктык. Жогоруда айтылган антисептикти колуңарга, мурун, ооз көңдөйүңөргө чачып, тумоону алдына алсаңар болот, анткени карандай спирт менен даярдалган антисептик, жаш же карылардын колу же мурдун кургатып жибербеш үчүн, косметикалык багыттагы кымбат майды курамына киргиздим.
Коронавирус, пандемиянын оор түрү деп окумуштуулар тарабынан айтылды.Бул вирус посылка менен жөнөтүлгөн буюм-бечкек, кагаз документтеринде 2 саат, ал эми желим, пластикада 7 саатка чейин сакталат, ошондуктан спирт менен сүртүүнү унутпаңыздар.
“Алтынай” препаратын дүңүнөн сатып алам деген кардарлар чыкса алар менен кызматташууга даярбыз.Региондордон телефон чалып буйрутма бергендер жок эмес, ташып жеткирүү жагы бир калыпка салынган, ал жагынан камтама болбогула.
Дүйнөгө келген пандемия ушунчалык актуалдуу болгондуктан, мен жетектеген “Салттуу жана эксперименталдык Академиясы” коронавирус менен алдына ала күрөшүү багытында илимий изилдөө институту ачылды
Жогоруда айтылган препарат менен чачма антисептиктерге патент алынган.Мен ушул 30 жылдык мээнетимди калктын ден соолугуна кошкон салымымды калдайган калың элим колдонсун, сак-саламат, бакубат турмушту башынан кечирсин деп, башымды токмок, каруумду казык кылып, сиздерге арнадым.”

Оморбай Нарбеков, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы
Эл аралык Академиясынын президенти,
КМШ Эл аралык Фитоборборунун Президенти,
Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмери,
Калифорния илим, билим, өнөр жай жана
Искусство Академиясынын Академиги.
Казакстан экология Академиясынын академиги.

Булак: Багыт