Эми сөзүбүздү Эртугур бийдин Качкордо жайгашкан насилдери тууралуу айта кетели. Эртугур бийден азыркы Кочкор районунда жайгашкан чогарыктар, мындан ары өздөрүн азыркы атоосу менен чоӊчарыктар деп атайлы, Чиркей бийден таралышат. Эртугур бий менен Чиркей бийдин ортосунда Тайлак баатыр, Олжотай бий, Курманбек, Көкүм бий, Райымбек дегендер жашап өткөн. Алардын таралган тукумдары Кетмен-Төбөдө, Чүйдө, Таласта жашашат деген кабарлар бар. Биз Кочкордо жашаган Чиркей бийдин 18-19-кылымдагы жашоосу тууралуу азын оолак сөз кылабыз. Чиркей бий өзү да сарыбагыш болуу менен сарыбагыш манаптары Болот, Темир менен замандаш болгон жана анын төрт уулу болгон, алар Аксакал, Аргынбай, Бирке жана Карагул баатыр. Алардын Аксакал, Аргынбай жана Бирке уулдары азыркы Кочкор районундагы Кум-Дөбө жана Комсомол айылдарында, ал эми Карагул уулу жана Бирке уулунун бир бөлүгү Ак-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу айылында жашап турушат. Карагулдан Качыбек жана Оруз, Качыбектен Кудаяр,Кубат жана Таштанбек. Кара-Суу айылында ушул Бирке, Оруз, Кудаяр, Кубат жана Таштанбек балдары чоӊчарык атын алуу менен жашап турушат. Ушул чоӊчарыктардын 18-19-кылымдагы жршоосу айылдык санжыранын айтуусу боюнча Чиркей бийдин уулу Карагул баатыр кадимки Эсенгул баатырдын замандашы болуу менен өзүнө баатыр деген наамды кан менен терин төгүп ээ болгон. Кийин-кийин Совет заманында Карагул Ногоев деген кызматкер чыкканда, бизде эки Карагул чыкты деп элдин кубангандарына караганда Карагул баатырдын 150 жылга чейин элдик эс тутумда сакталып калганы көп нерсени айтып турат. Элдикэс тутум боюнча дагы бир аӊгеме айталы. Куттуксейит уулу Шамен ушул чоӊчарыктардын жээни, Карагул баатырдын Үкү деген кызынын баласы болгон. Ушул Үкү эжесин пааналап чоӊчарыктан Байбото деген Шамендин айылында жашап жүргөн экен. Шамендин ага-туугандары айыл үстүлүк кылып ушул Байботону уруп, ызалантып коюшкан экен. Аны уккан чоӊчарыктардан он чактысы чогулуп арызданып Шаменге киришет. Шамен келген чоӊчарыктарды жакшы кабыл албайт. Жаткан ордунан козголбой “Рыскулбекке барып ымырылдыӊар, Төрөгелдиге барып төмүрүлдүӊөр, деги силер жөн жүрбөдүӊөр” деп тескери карап кетет. Ошондо келген чоӊчарыктын ичинен он сегиз жашар жигит, сыӊар тизелей калып Шаменге жооп берген экен. “Ооба Рыскулбекке барып, ыӊкытып төрт түлүк мал айдап келдик, ооба Төрөгелдиге барып төө баштаган кара мал менен келдик, а сенин эшигиӊде калган бул эмне болду” деп таяк жеген Байботону көргөзгөн экен. (Байбото жогоруда айтылган экинчи Карагул Ногоевдин чоӊ атасы болот.) Ошондо Шамен жыгылып иаяктын кунун төлөгөн деген кеп бар. Эми ушул элден калган аӊгемени факты менен далилдейли, бул үчүн атактуу акындар Балыкооз менен Айтыкенин айтышынан бир-эки сапты пайдаланалы. . Кыстара кетсек атактуу манасчылар Балыкооз жана Шапак чоӊчарык уруусунан болот. Бул айтыш 1870-80-жылдары Кочкордо болгон. Ал айтышта Айтыке Балыкоозго: “Төргө айдадыӊ төрт арык, Төрөгелди баатырдан. Төмөн карай не көчтүӊ,…чоӊчарык. Рыскулбек баатырдан, Ылдый карай не көчтүӊ, ………. чоӊчарык” деп ырдап кайрылат. Бул айтышты тереӊ талдоо ушул макаланын милдети болбогондуктан кичине үзүндү менен токтолобуз жана элдик эс тутум менен эки акындын айтышы бири-бирин толуктап турат деп ойлойбуз. Биздин макаланын максаты Олжобай баатыр чогарык аттуу уруунун бийи болгонун жана ушул чогарык (чоӊчарык) уруусу чоӊ манаптарга ( Төрөгелди, Рыскулбек, Шаман) бай ийбей Теӊир-Тоонун ичинде эркин жашап келгенин, жашаган жана азыр да жашап жаткан кыргыз элинин бир уруусу экенин айтуу болгон.
Съездбек ЭСЕНБАЕВ