Домой Аналитика Олуттуу оппозиция болбосо өлкөдө эч өнүгүү болбойт!

Олуттуу оппозиция болбосо өлкөдө эч өнүгүү болбойт!

56

Кыргызстандын саясий жашоосунда маанилүү окуя болду – саясат майданына азыркы бийликке ачык каршы тура турган партия чыкты. Бул жаңы оппозициялык күч. Аны Жеңиш Молдокматов жетектейт.

«Бул өлкөдөгү саясий турмушту өзгөртө турган маанилүү окуя», – деп билдирди Ж.Молдокматов, – Күчтүү оппозиция болбосо өлкөнүн саясий маданиятында эч кандай өнүгүү болбойт».

Жеңиш Молдокматов «Ханституцияга каршы» борборунун дагы жетекчиси. Ал жана анын тарапташтары буга чейин президент Садыр Жапаровдун мыйзамсыз иш-аракеттерине карата бир нече жолу пикирлерин айткан, митингдерге чыккан.

Айрым саясатчылар мындай саясий күчтүн пайда болушун Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн болгон күрөштүн жаңы этабынын башталышы катары баалап жатышат.

«Биз бүгүнкү күнү кылып жаткан иш-аракеттерибизди: адилеттик үчүн күрөшүүнү улантабыз. Бирок эми саясий бирикме, уюм катары иш жүргүзөбүз. Биздин партия бийликтин тамагына сайылган кылкандай болуп турат. Эгерде биз болбосок, анда ким? Биз укуктук күчтүү мамлекетте жашагыбыз келет. Биз ушул жол менен кетүүгө милдеттүүбүз, анткени унчукпай коюуга жана айланада туташ болуп жаткан өзүм билемдикке көз жуумп койгонго болбойт. Биз тонолгон жана бүлүнгөн өлкөдө жашоону каалабайбыз. Биз балдарыбыздын келечеги, алардын бакубат, бактылуу жашоосу үчүн алдыга умтулушубуз керек. Бул өлкөдөгү ар бир жарандын добушу жогорку баалуулукка ээ болушу керек», – деди Ж.Молдокматов.

Жаңы оппозиция прогрессивдүү-интеллектуалдык кыймыл болот, келечектин элесин түзөт, өзүнүн өнүгүү жолун сунуштайт.