Домой Спорт Олимпиадага барып атасын таанытып келишет!

Олимпиадага барып атасын таанытып келишет!

56

Айсулуу Тыныбекова

Астанада өткөн күрөш боюнча Азиялык мелдеште кыргызстандык балбандар эки алтын, эки күмүш, төрт коло медалга ээ болушту. Бул мелдеште финалга чыккандар Бразилиядагы олимпиадага жолдомо алышмак. Кыргызстандыктардан Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов грек-рим күрөшүнөн, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, кыздардан Айсулуу Тыныбекова жолдомо алышты. Буюрса, алар Бразилияга барып Кыргызстандын намысын мыкты коргоп келет деп ишенебиз! Баса, буга чейин грек-рим боюнча Арсен Эралиев, жеңил атлетикадан Дарья Маслова, Юлия Архипова, Мария Карабицкаялар Олимпиадага жолдомо алышкан.