Домой Коом Окуучуну тебелетип кеткен айдоочу камакка алынды

Окуучуну тебелетип кеткен айдоочу камакка алынды

38

Сокулук районун Күн-Туу айылында 5-класстын окуучусун тебелетип кеткен №18 автобустун айдоочусу кармалып, Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Автобус болсо айып токтотмого коюлду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 297-беренеси («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

3-октябрда 5-класстын окуучусу №18 автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип мүрт кеткен. Милициянын маалыматына караганда, окуучу автобустун алдыңкы эшигинен чыгып баратып кийими машиненин эшигине илинип калган. Ошол учурда айдоочу автобусту бир нече метрге чейин айдап кетип, бала автобустун арткы дөңгөлөгүнө тебеленип калган.

Учурда бардык соттук, медициналык экспертизалар дайындалды.

Булак: Азаттык