Домой Коом Окумуштуу Арапбай Марипов дүйнө салды

Окумуштуу Арапбай Марипов дүйнө салды

670

Профессор Марипов Нью-Йорк илимдер академиясынын академиги, Эл аралык оптика коомунун мүчөсү болгон.

А.Марипов изилденген объекттин сүрөтүн башка өңүттөн өлчөө аркылуу бул нерсени таануунун жаңы ыкмаларын илимге киргизген.

Арапбай Марипов 1939-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айлында туулган. 1964-жылы Москва мамлекеттик университетин аяктаган. 1994-жылы «Күн желеси голографиясынын жаңы өңүттөрү» (“Новые аспекты радужной голографии”) темасында докторлук диссертациясын жактаган. Анын жетимиштен ашык илимий макалаларды жарыялаган, анын ичинен бир монографиясы бар.

Арапбай Мариповдун сөөгү 7-июнунда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилмекчи.