Домой Саясат Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамы (тизме)

Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамы (тизме)

131

Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамы жарыяланып, тизме белгилүү болгонун ММК булактары жазып чыгышты.

Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов айткандай эле өкмөттүн түзүмү өзгөргөн. Алсак, биринчи вице-премьер гана калып, калган үчөө жоюлган. Айрым министрлик, комитеттер бириктирилди.

Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы:

  • Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;
  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
  • Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
  • Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Юстиция министри — Асел Чыныбаева;
  • Маданият министри — Кайрат Иманалиев:
  • Экономика жана финансы министри — Улукбек Карымшаков;
  • Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
  • Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.

    Бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды. Ал өкмөттүн түзүмү менен курамын парламентке киргизмек.