Домой Коом Өкмөттүн маалымат кызматы Абылгазиевдин КЭАУда окуганына шек санагандарга жооп берди

Өкмөттүн маалымат кызматы Абылгазиевдин КЭАУда окуганына шек санагандарга жооп берди

63

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргызстан эл аралык университетинде окуганын жокко чыгаргысы келгендерге өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу Facebook баракчасы аркылуу бул билдирүү калп экендигин айтып, бул үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө туура келерин билдирди.

«Кесиптештер, арыбаңыздар! Aibek Hakimov мырзанын жазганы калп, жалган маалыматты таратканыбыз дурус эмес, ал үчүн да мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет. Adilet Sultanaliev азыр расмий маалымат берет тийиштүү документтерди тиркеп. Ошондой эле Кыргызстан эл аралык университети да жооп даярдоодо. Сабырдуу болсок өтүнүч!»

Ал эми премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев активист жазган посттун алдына Абылгазиев чын эле КЭАУда окуганын билдирди.

«Кутман күн, Айбек! Сиз чындыгында эле Мухамедкалый Абылгазиев менен бир жылда окууну чогуу бүтүргөн экенсиздер. Бирок ал сиздей бакалавриатта эмес, магистатура бөлүмүндө окуган. Сабактар ар кайсы убакта ар кайсы бөлмөдө өткөрүлөт эмеспи», — деди Султаналиев.

Ал кийинчерээк университет бардык зарыл маалыматтарды бере турганын убадалаган.