Домой Коом “Өкмөткө бар!”: Арстан Алай өзүн сотко берген тамадага жооп берди

“Өкмөткө бар!”: Арстан Алай өзүн сотко берген тамадага жооп берди

80
Арстанбек Алай өзүн сотко берген адамга жооп берди. Ал тамаданын дооматы болсо өкмөткө кайрылууну сунуштады.

“Кыргызстанда коронавирус жок. Президент менен өкмөт сабакты жана башка түрдүү иш-чараларды бекер эле токтотту жана бекер эле ызы-чуу көтөрүштү. Ошондуктан доомат же арызы болсо мага эмес, өкмөткө даттансын”, – дейт Арстанбек Алай.

Эске салсак, Урмат Асанбеков аттуу жаран Арстанбек Алайды сотко берген. Анын сотко бергенине Арстанбек Алайдын “Кытайга коронавирусту мен жөнөттүм” дегени себеп болгон. Асанбеков доо арызында, “коронавирустун жайылышынан улам Кыргызстанда да коомдук иш-чараларга чектөө киргизилди. Мунун натыйжасында мен жумушумду жоготтум”, – деп жазган.

Тамада Арстанбек Алайдан компенсация катары 50 миң сом талап кылган.

Доо арызда Ленин райондук сотунун канцеляриясынын мөөрү басылып турат.

Булак: bars.media