Домой Коом Өкмөт үйүнүн алдында Абхазиянын номери менен жүргөн айдоочулар митингге чыгышты

Өкмөт үйүнүн алдында Абхазиянын номери менен жүргөн айдоочулар митингге чыгышты

47

Бүгүн, 23-мартта Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында Абхазиянын номери менен жүргөн айдоочулар митингге чыгышты.

Нааразы болуп чогулгандар Абхазиянын унааларынын көйгөйүн кыргыз элинин пайдасына чечип бергиле деген талап менен чыгышкан. Алар «өлкө ичинде абхаз номерлери менен жүрүүгө уруксат бериңиз», «Садыр Жапаров биздин көйгөйдү чечип бериңиз» деген өңдүү плакаттарды кармап алышкан.

Митингге чыккандардын бири: «Биздин чыгуубуздун себеби, абхаз унааларын сатып алып жатканда тыюу салынганын эч ким билдирген эмес. Мен муну каттоо кызматынан дагы тактагам. Унааларды көпчүлүк насыяга алышкан. Акыркы күндөрү токтотуп жатышат, эмнеге токтотуп жаткандарын өздөрү билишпейт. 3 жылдан бери мындай унаалар жайма-жай айдалып жүрүп эле эми тыюу салынып, токтотуп салгандары туура эмес. Абхаз номер болгону менен кыргыздар эле айдап жүрөбүз да. Ушул маселени чечип беришин талап кылып жатабыз. Бул эч кандай транзиттик номерлер эмес, ЕАЭБде деле 1 жыл ичи айдаганга уруксат берилген, бул жерде көпчүлүгүнүн унааларына 3 ай боло элек», — деди.

Буга чейин Бажы кызматы Абхазиянын номери тагылган автоунааларды албоого чакырып, алар кармалып токтотулуп жатканын кабарлаган.