Кандай кырдаал болбосун пайда көрүүнү көздөгөндөр коронавирусту жана кымбаттап кеткен долларды шылтоолоп элдин үрөйүн учуруп, азык-түлүккө болгон бааны кымбаттатып жиберишти. Ал турсун вотсаптан элдин үрөйүн учурган азык-түлүк камдап ал деген билдирүүлөрдү таркаткандар да болууда. Өкмөтүбүз болсо баарларды сураштырып жатканын айтышты. Алар чара көргөнчө алып сатарлар элдин капчыгын какканы калды. Ун да, эт да кымбаттаганы айтылууда. Бирок, шаар тургундары баары мурдагы эле баада сатылып жатканын, азык-түлүктүн жетишсиздиги байкала электигин айтышууда. Вице-премьер министр Алдтынай Өмүрбекова азык-түлүк тартыштыгы болбосун айтты.