Домой Коом Өкмөт башчысы Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупцияны жоюу тапшырмасын койду

Өкмөт башчысы Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупцияны жоюу тапшырмасын койду

46

   Sooronbai-ZHeenbekov        Коомчулук Мамлекеттик каттоо кызматын эң коррупциялашкан орган катары тааныйт. Бул мекемеге паракорчулук менен күрөшүү боюнча атайын тапшырма берилгени менен иш алдыга жылган эмес. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 6-июнда Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциялык схемаларды жокко чыгаруу боюнча деталдаштырылган Пландын ишке ашуусу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

С.Жээнбеков паракорчулук өлкөнүн олуттуу көйгөйү экенин, анын таасири мамлекеттик иштин дээрлик бардык чөйрөсүн алсыратып жатканын белгиледи. “Мамлекеттик бийликке карата жарандардын ишеними, биринчи кезекте, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынан жана ачык-айкындуулугунан түзүлөт. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өлкөгө тейлөө тармагын  көрсөткөн орган катары коррупциялык тобокелдиктери  максималдуу минималдашкан орган болушу керек”, – деди Сооронбай Жээнбеков. Белгилүү болгондой,  Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциялык системаны жоюу боюнча иш-чаралардын планы 2015-жылдын 1-апрелинде Коргоо кеңешинин жумушу тобу тарабынан бекитилген.

Мамлекеттик органдар менен биргеликте Мамлекеттик каттоо кызматындагы бардык коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча 2015-жылдын 30-августуна чейин 23 коррупцияга каршы иш чараларды иш жүзүнө ашырышы керек болчу.Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн коррупцияга каршы саясат секторунун башчысы Белек Ахметов билдиргендей, толук пландарын ишке ашыруу учурунда, эки коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруу мониторинги жана мониторинг тобу жүргүзүлгөн. Ал Мамлекеттик каттоо кызматында коррупциялык системаларды жокко чыгаруу иштери эки жылдан бери жүргүзүлуп келе жатканы менен, аталган органда коррупция мурдагыдай эле жогору бойдон калгандыгын баса белгиледи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматында коррупциялык системаны жоюу боюнча аткарылып жаткан иштерди сынга алды. “Ведомство астындагы түзүмдөрдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштер уюштурулган эмес жана иштин абалы канааттандырарлык эмес экендиги байкалууда. Мекеменин жетекчисинин бекем эрки болбогон жерде коррупцияны жок кылуу мүмкүн эмес”, – деп баса белгиледи өкмөт башчысы.

how to get esomeprazole. Премьер-министр Мамлекеттик каттоо кызматынын бул багыттагы иштерин алсыз жана жыйынтыгы жетишсиз деп баалады. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу  Күмүшбек Шамканов бардык кемчиликтер менен сунуштар эске алына турганын убада кылды.

Кеңешменин соңунда Мамлекеттик каттоо кызматынын коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча иши канааттандырарлык эмес деп табылды. Ошондой эле мекеменин жетекчилигине бир жума мөөнөт ичинде коррупциялык иш-чаралар планын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын борбордук аппаратынын башкармалыгынын, бөлүмдөрү менен түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата катуу тартиптик чараларын кабыл алуу тапшырылды.

Ошондой эле бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына коррупцияга каршы иш-чаралар Планын ишке ашырууда аткарылбаган же жарым-жартылай аткарылган чараларды жоюу боюнча сунушту жана анын аткарылышы боюнча маалыматты киргизүү тапшырылды. Мындан тышкары деталдык планды ишке ашыруу боюнча ишти  активдештирүү жана аткаруучулук тартиптин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.