Анда 5-7-майда Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарында нөшөр жаан, тоолуу аймактарда мөндүр жаап, абанын температурасы төмөндөй турганы айтылат.
4-7-майда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында нөшөрлөп жаан жаап, дарыялар менен арыктардан суу ашып кетиши ыктымал.
Ушундай эле туруксуз аба ырайы 8-10-майда бардык облустарда да сакталат.
Өткөн аптанын соңунда Баткен облусунда нөшөр жаандан кийин каптаган сел суусу, өкмөттүн эсептөөсүнө караганда, дээрлик 70 миллион сомдук чыгым алып келди.