Домой Саясат Оболу чек араны бекемдөө зарыл

Оболу чек араны бекемдөө зарыл

16

Кайсыл өлкөнүн болбосун чек арасы бекем болушу талапка ылайык. Ушул тарабынан алганда негедир биздин мамлекетибизде солгундуктар арбын. Айрыкча тажиктер менен болгон жаңжалдар улам күчөп баратканы кооптондурбай койбойт.

Ок атышуудан улам нечендеген жарандарыбыз жабыркап кээ бирөөлөрү майып болуп калышты. Бул албетте, жакшы жашоодон эмес. Ар качан жүрөгү түрсүлдөп, кабатыр болуп жашаган биздин кайраттуу мекендештерибиздин көргөн күнү курусун. Ошентсе да бир карыш жерин өзгөлөргө ыраа көрбөй, тикесинен туруп каршылык көрсөткөндөрдү айрым учурда какыс-кукус кылып жатышканы жинди кашайтканы ырас. Тескерисинче мындай эр жүрөктөргө колдоо көрсөтүү кажет эмеспи.

Арийне, чек ара жеңил-желпи чечилчү маселе эмес. Бирок, качанга чейин жүйөөлүү ишти улам артка жылдырып жүрө беребиз деген элдин талабы жоопсуз калууда. Биз ишенген өкмөт, өлкө башчы  чечкиндүү кадамдарды жасай албаганы айдан ачык көрүнүп турат. Кашаң кыймылды байкаган коңшулар кадимкидей сес көрсөтүп, тоотпой өз билгендерин кылып жатышат. Буга чек ара аймагында жашагандар чыдамы кеткени айкын сезилүүдө. Чыдоонун да чеги бар да. Жаз эртең эле баш багат, кыштын жарымын эптеп өткөрүп алдык. Демек, ыкчам аракеттерди көрбөсөк далай тоскоолдуктар боло берет. Ошол үчүн бийлик тараптан батылдык жасалышы абзел.

Чек араны ийге келтирүүнүн жолун тапса болот. Коррупциядан түшкөн каражаттын арбын бөлүгүн ушул багытка чегерүү керек. Калган маселелер күтүп жүргөн, дагы да чыдап беребиз. Муну менен бирге жалпы эле байлар өз чөнтөгүнөн чек араны бекемдөөгө каражат чыгарып бериши мезгилдин өктөм талабы. Тынчтыкта жашасак байлык нугунан кайтпайт. Эгерде кыйысыпыр турмуш башка түшсө байлыгың заматта жок болуп кетерин унутпа, олигарх! Кооптуу аймактардагы чек ара маселесин оң жолго салмайынча тынч жашоо мүмкүн эмес. Буга жалпылап киришпесек  эски илдеттен кутулбайбыз.

Булак: Ачык сөз