15-октябрда боло турган президенттик шайлоо жогорку уюшкандыкта таза өтөт. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкекте өткөн брифингде билдирди. Ал шайлоо системасы ийгиликтүү реформаланганын айтып, буга чейинки парламенттик шайлоо менен референдумдагы кемчиликтер жоюлганын кошумчалады.
“Биздин жасап жаткан бардык аракеттерибиз шайлоону таза, демократиялык нукта, мыйзам чегинде өткөрүүгө багытталууда. Бүгүнкү күндө БШКнын жетекчиси катары бардык нормалар сакталат деп ишенимдүү кепилдик бере алам. Добуш берүүдө фальсификация жана бурмалоолорго эч качан жол берилбейт. Учурда шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча БШК бардык уюштуруу иштерин план боюнча аткарууда. Бул жолку добуш берүү өлкөнүн тарыхында эң таза шайлоо катары эсте калат деген ишеним бар”, — дейт Шайлдабекова.
БШК төрайымы президенттикке талапкерлер шайлоо астындагы бардык эрежелерди бекем сакташы керектигин баса белгиледи. “БШК талапкерлер үчүн бирдей атаандаштык үчүн бардык шарттарды түздү. Ошол эле кезде талапкерлер да эрежелерди, мыйзамдарды так сакташы керек. Биз колдонуп жаткан технология менен шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого мүмкүн эмес”, — деди ал.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 14-июнда президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү боюнча атайын токтом долбоорун кабыл алган.