Телеалпаруучу Нурзат Токтосунова жоолук салында. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына маалымдады.
“Бүгүнкү күндөн баштап Кудайым буюрса, мени жоолукчан көрөсүздөр. Аллахымдын берип жаткан жашоомдогу бардык жакшылыктарына чексиз шүгүрчүлүк кылам.
Аялзатына тиешелүү болгон бир парзды аткарайын деп чечтим. Мендеги жаңылык ушул. Баарыңыздардын күнүңүздөрдү сонун уланышын каалайм”,- дейт телеалпаруучу бул туурасында.