15-мартта мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков казак тараптын чакыруусу менен Астанага Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн барды.Бул сапардын алкагында С. Жээнбеков Казакстандын президенти Н. Назарбаев менен жолугушту. Кыргызстандын өлкө башчысын жылуу кабыл алган Н. Назарбаев Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусунун алкагында чоң иш жасала турганына, анын жүрүшүндө инфраструктура, логистика, товар жүгүртүү маселелери талкуулана турганына ишеним артаарын билдирди.
Ошондой эле ал президент С. Жээнбековго кызматына киришкенден тарта маселелерди чечүүнү активдештирүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, акыркы убактарда мамлекеттер ортосундагы саясый кызматташууда байкалаарлык прогресс жетишилген. «Биз тышкы саясый ведомство башчыларынын ортосундагы беш тараптуу диалогду жөнгө салууга жетише алдык. Бул консультациялар жалпы диалогго жетишүүгө, күч-аракетти бириктирүүгө умтулууну көрсөттү. Биздин мамлекеттердин ТИМинин башчыларынын Нью-Йоркто мен БУУнун коопсуздук кеңешине төрагалык кылып жатканда көрүү мага жагымдуу болду. Бул эң зор колдоо болду. Биз дайыма бири-бирибизди колдоп, ушундай кадам жасашыбыз керек. Мамлекет башчыларынын ортосундагы байланыш активдешти. Өткөн жылдын март айынан тарта региондун бардык президенттери бири-бири менен жолугушту», — деди Назарбаев.
Ошондой эле ал «Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Шариповичтин салымын белгилебей кое албайм, ал кызматка келиши менен жакынкы кошуналар менен эски маселелерди, көйгөйлөрдү чечүү үчүн байланышты активдештирди», — деп кошумчалады.
Өз кезегинде С. Жээнбеков Казакстандын президентине чакыруусу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди. «Биз талкуулай турган маселелер бар, анын ичинде регион үчүн коркунучтар, ошондой эле капиталды, инвестицияларды жылдыруу, жарандардын келүүсү, мигранттардын иши бар. Бардык маселелерди талкуулоого шарт түзүлгөн», — деди ал.