— Нурмухаммед мырза, алгач окурмандарга сиздердин фонд тууралуу кененирээк маалымат берсеңиз?
— Биздин фонд негизинде кайрымдуулук багытындагы фонд болуп эсептелет. Көбүнчө социалдык багыттар боюнча иштерди жүргүзөбүз. Негизинен мечит, медереселерди курабыз. Бирок аларды Кудайга шүгүр бизге чейин эле куруп коюшуптур. Учурда биз ар кандай комплекстерге, ооруканаларга, таза суу маселелерине жардам берип жатабыз. Биз суунун башында турганыбыз менен, сууга ушунчалык бай болгонубуз менен баардык айылдарга таза суу жетиштүү эмес. Ошондуктан таза суу көйгөйүн чечели деп каражатыбызды жумшап жатабыз.
— Сиздердин фонддун кожоюндары арабдар экенин билебиз. Фонд Кыргызстанга сиз аркылуу түзүлүп калдыбы, же чогуусуңарбы?
— Биз чогуубуз. Башка фонддордон айырмабыз мындай да: бай мамлекеттерде түзүлгөн фонддордун башкы кеңсеси жайгашат, ал эми кедей мамлекеттерде алардын филиалдарын ачып коюшат. Биздин фонддун башкы кеңсеси тескерисинче Кувейт мамлекетинде эмес, Кыргызстанда. Мен бул фондду араб досум менен кеңешип, Кыргызстанда ачтык. Бул фондубуз биздин мамлекетте 1,5 жыл иштеген соң, анын Кувейтте ачылды. Албетте, алгач фондду өз күчүбүз менен иштетүү абдан эле кыйын болду. Көп кыйынчылыкты башыбыздан өткөрдүк. Ошентсе да, аракеттерибиз текке кетпей, акырындык менен максатыбызга жакындап бараттык. Мына ошондой жигердүү аракеттерибизди көрүп, көзөмөлдөп турушкан Кувейттеги абройлуу фонддор бизге жардамдашып, акыры өз катарларынан орун берди десек болот.
— Фонддун иштеп жатканына 4 жылдын жүзү болуп калыптыр, ушул убакыттын ичинде канча суммага, кандай жардамдарды көрсөттүңүздөр? Албетте, мусулманчылыкта “Оң колуң бергенди сол колуң көрбөсүн” — деген жакшы кеп бар. Ошондой болсо да, бул маселе окурмандардын баарына эле кызыктуу…
— Чынын айтсам суммасын айтып мактангым келбейт. Чоңураак жардамдардын бирин эле мисал катары айтайын. Төрт чоң оор жүк ташуучу “Фура” үлгүсүндөгү машина менен медициналык жабдыктарды(гемодиализ, узи баштаган ж.б. аппараттар) алып келип, мамлекетке өткөрүп бердик. Ал жабдыктардын баасы 3 млн доллардын тегереги болот. Жабдыктарды мамлекет өзү ооруканаларга бөлүштүрүп берет.
— Фондго жардам сурап кайрылгандар абдан эле көп болсо керек, сиздер аларга кандай негизде жардамдарды көрсөтөсүздөр? Кандайдыр бир шарттар, же талаптар коюлабы?
— Негизинен жардам сурап келгендердин көбү айласыздан жардамга муктаж болуп келгендери өзү эле ачык билинип калат. Биз да өзүнчө анализдеп чыгабыз. Кээде социалдык жумушчулар жана имамдар менен иштешип калабыз. Айрым учурларда көчөдөн атайылап эле: “Кимдерде кандай көйгөй бар, кимдер кыйналып жатат”-деген мааниде сурамжылоо жүргүзөбүз. Бул эми жардам берүүнүн стандарттуу түрүнө кирбейт. Ошондой болсо да, мындай ыкманын жардамы менен чындап эле кыйналып жаткандарга жардам көрсөткөн учурларыбыз болот. Ал эми тизмелеп жазбагандарыбызды кошпогондо, биздин кеңсебизге айына 200дөй адамга чейин жардам сурап кайрылышат. Ошол 200дөй адам өзү менен кошо дагы башка адамдарга жардам сурап, кат, же ар кандай тизмелерди беришет. Эгер алардын баарын кошо турган болсок, абдан көп болуп кетет.
— Сиз эми арабдар менен инвестиция маселеси боюнча да кандайдыр бир деңгээлде иш алып барсаңыз керек. Сурайын дегеним, бизге көбүнчө Кытай мамлекетинин түрдүү инвестиция келет. Ал эми ушул маселе араб мамлекеттери менен кандай жолго коюлганын айтып бере аласызбы?
— Мен билген арабдар бизге инвестиция салууга абдан эле кызыкдар. Бирок ушул мезгилде дүйнөнүн көп өлкөлөрү кыйналып, кризиске туш болуп турат. Кризис маселеси — инвестицияга терс таасирин тийгизерин баарыбыз эле билебиз. Ошондой болсо да, биз арабдар менен бирге инвестиция тартуу маселесин кандайдыр бир деңгээлде жолго коё алдык десем болот. Кудай буюрса, жакынкы убакта чоң долбоорлорду көрүп каласыздар. Мына ошол долбоорлор ушул сиз айткан маселенин үзүрү болуп калат. Инвестиция тартууга мамлекет тарабынан эң сонун шарттар түзүлгөн, бул боюнча эч кандай дооматтар деле жок, айтып коюшум керек, мен билген кайрымдуулуктан тышкары мамлекеттик деңгээлдеги чоң долбоорлор, соода-сатык ж.б. Кудай буюрса, мамлекетибизде стабилдүүлүк, акырындык менен өнүгүү болуп турса, мен айткан долбоорлор да Иншаалла ишке ашат деп тилек кылса болот. Биздин муундан, жаштардан элим, жерим деген жалындуу жаштар чыгып жатат. Мен ошолорду көрүп абдан сүйүнөм да. Биздин “Дүйнөлүк кыргыздар ассоциациясы» — деген уюмда дүйнө жүзүндө ийгиликтүү иштеп жатышкан балдар бар. Маселен, “Гугул” компаниясында эмгектенгендер, Дүйнөлүк банктын үчүнчү, төртүнчү даражадагы кызматтарында иштегендери да бар. Бир мисалды кошуп кетейинчи. Акаев илимде докторлукту 36 жашында жактаган болсо, Сабыр Жумабеков 33 жашында жактаптыр. Ал эми 31 жаштагы Канат деген жигит техникалык илимдин докторлугун жактап, рекордду койду. Ошондой таланттуу жигиттер менен биз башыбызга ак калпак деген алтындан да нарктуу, барктуу таажыбызды кийип, кыргыз мамлекетибизди, элибизди өркүндөтүп-өстүрүүгө өз салымдарыбызды талыкпай кошо беребиз деген оптимисттик маанайда иштеп, жашап келебиз. Кудай буюрса, биз максатыбызга жетебиз. Элибиз жөн жерден: “Жакшы тилек, жарым ырыс”-деп айтпайт да.
— Сирияга азгырылып кетип жаткандар тууралуу да кеп кылалы. Алар боюнча кандай кеп айтасыз?
— Сирияга кетип жаткандарды мен “зомби” болуп калган дейт элем. Илими тайкы адамдар ошондой азгырыкка алдырып коюп жатышат. Исламда: мусулман менен мусулман мушташканы, бирин-бири өлтүргөнү– бул арам. Алар тозокко кетет. Бир мусулманды, экинчиси өлтүрүп койсо, экөө тең тозокко кетет. Себеби, экөөндө тең бирин-бири өлтүрүү максат болгон да. Мен эми Сирияга азгырылып кетип жаткандарга бир гана Аллах өзү ыйман берсин, түз жолду берсин дейт элем. Бул көрүнүш жакшы эмес. Ал жакка барып кайра аман-эсен келген мекендештерибиздин көз карашы албетте өзгөрүлөт. Аларга мамлекет, мамлекеттин атасы кандай жаза берсе, эл ошого макул болушу керек деп ойлом. Бизде Чубак ажы, Абдышүкүр ажы, Максат ажы деген аалымдарыбыздын пикири да ушундай, мен да алардын пикирлерине кошулам.
— Бул эми саясый деле суроо эмес. Сиздей илимдүү-билимдүү, көз карашы терең адамдын пикири баарыбызга элек кызыктуу болот. Ушул жылдын ноябрь айында Президенттик шайлоо болоору белгилүү болду. Сиздин көз карашта, мамлекеттин атасы боло турган адам кандай сапаттарга ээ болушу керек деп эсептейсиз?
— Биринчиден, Кудайдан корккон, экинчиден өзүнүн жанынан элин, жерин күчтүрөөк сүйгөн болсо, үчүнчүдөн элге аралашкан, элдин мүдөө-максатын тереңден билген адам болсо…Ошондой эле чет мамлекеттерде кадыр-баркы бар, баары менен тең ата сүйлөшө ала турган, мамлекетибизди, элибизди алдыга сүйрөп кете турган кыраакы, алысты көрө билген, пессимист эмес, оптимист адам болсо… Мен мамлекет башына ушундай сапаттарга ээ адам келсе экен деп тилейм. Биз кылымдарды карыткан байыркы элбиз. Уюткулуу журтпуз. Андыктан жогоруда мен каалаган инсандар арабызда бар. Элибиз ошондой татыктуу адамдарды жаңылбай тандап алышы зарыл. Эгер эл ичинде андай татыктуу адамдар жок болсо, анда биз мамлекет болуудан калабыз. Чынында бизде көптөгөн татыктуу, көрөгөч инсандар арбын.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев