Домой Саясат Нурлан Мотуев жакында чоң сахнага ырдап чыгарын айтты

Нурлан Мотуев жакында чоң сахнага ырдап чыгарын айтты

67
Жакында эл Нурлан Мотуев өзүнүн интернеттеги баракчасына жандуу ырдап, катылып жаткан таланттарын элге ачыктап чыккан эле. Анын ырдаганы тез эле интернетке тарады. Аз өтпөй “көмур королу” ырчылык өнөрү тууралуу интернетке жазып, жакында ыр жаздырарын белгилеген. Биз бул тууралуу Нурлан мырзанын өзүнө кайрылдык.

“Менин ырчылык өнөрүмдү баалап жатышат. Мени керек болсо мындан 10 жыл мурун Юрий Бобков өзү баалап,  Нэна экөөбүз “Кош жылдыз” деген теледолбоордо чогуу ырдаганбыз. Мени оркестрдин коштоосунда ырдатып көрүшүп, баарына жаккам. Нэнага да ырдаганым жаккан. Ошондо Юрий Бобков “Оо, Нуке! Сен саясатта жөн эле жүргөн турбайсыңбы. Талант талаага кетип жатыптыр”,-деген. Бирок, ал жерден “капризный жылдыз” мен кетип калып, дуэт болбой калган. Анткени ошол кезде президенттик шайлоо башталып, мен ошого алаксып калгам. Анан Юрий байке бир айдай эки күндун биринде чалып чакырат. Мен кашайып бошобой калам. Анан Бобков: “Ай Нэна жакпай жатса Раллия менен дуэт ырдабайсыңбы!,-деди. Мен: “Тиги жакпайт, бул жакпайт дебейм. Болгону убактым болбой жатат”,-дедим. Ошентип ал долбоор калып кеткен. Кийинки жылы революция, ызы-чуу болуп кетти. Андан кийин тиран Атамбаевдин заманы келип, ал болсо өзүнө жакпагандардын баарын четинен каматып баштады. Ал кезде Кыргызстанга блогерлик өнөр жаңы келе баштаган. Кыргызстандагы эң биринчи блогер болуп мен ютуб канал, фейсбук, инстаграм баарын иштетип баштагам. Ал жакка чуркаганымды, машыкканымды, кантип 6 айда 33 килограмм арыктаганымды баарын түз эфирден тартып киргизип турчумун. Элдерди сергек жашоого үндөгөнүм жакпай калдыбы, айтор, Атамбаев саясий себептерден улам каматып жиберип ошентип блогердик, ырчылык өнөрүм калып кетти да. Менин ырдаарымды баары эле билишет. Баары эле “голосуң мощный, звонкий, громкий” дешет. “Тенор” деп бирөө айтат, “баритон” деп экинчиси айтат. Тенор же баритон экенин ким териштирип жүрүптүр. Мен деген элден чыккан чыгармачыл адаммын да. Эми азыр деле кеч эмес! Карантин бүтөр замат мен ырларды жаздырып, чоң сахнага ырдап чыгам. Көрөсүң го. Өткөндө деле бир ырдап интернетке коё берсем 1 жумада эле жарым миллиондон ашуун көрүлүптүр. Анын 80-85 пайызы мактаган пикирлер”,-деп жооп берди ал.

Булак: Барс Медиа