Домой Саясат НУРЛАН МОТУЕВ: “ЧУБАК АЖЫНЫН “ДЕПУТАТ БОЛОМ” ДЕГЕНИН НЕГЕ ТЫЙБАЙСЫҢАР?”

НУРЛАН МОТУЕВ: “ЧУБАК АЖЫНЫН “ДЕПУТАТ БОЛОМ” ДЕГЕНИН НЕГЕ ТЫЙБАЙСЫҢАР?”

13

Фейсбуктагы баракчасына Нурлан Мотуев “Сүйүү күнүнө карата” деп жаш жубайы менен түшкөн сүрөттөрүн жүктөсө, ага карата колдоолор, ошого катар түшүнбөстүктөр да жазылган. 

Мисалы, Нурадыл Кудайбердиев: “Силер “День Валентин болбойт, харам” деп айтасыңар. А силердин ишенген таксырыңар майрамдап жүрөт” деп бизге сайылышса кандай жооп кылабыз?” десе, Нурлан Мотуев: “Таксырдын үйлөнүү күндөрүнө туш келип калыптыр” деп койгула. Тим эле такыба болуп кетесиңер, проблема менин майрамымда болуп атса да. А дүкөндөрдө шагырап сатылган арактарга кандай каршы чыга албайсыңар? Куфр мыйзамдары менен башкарылып атканга неге макулсуңар анда? Чубак ажы “шайлоого катышып, депутат болом” дегенин неге тыйып кое албадыңар? Биринчи өзүңөргө карагылачы?..” деп жооп берген.

Булак: Aryba.kg