Быйыл кыргыздын улуу акыны Турар Кожомбердиев көзү тирүү болсо 75ке чыкмак. Тагдыр берген өмүр жашын татыктуу жашап өткөн акындын кызына жолугуп, атасы тууралуу сүйлөп берүүсүн сурандым.
— Быйыл кыргыздын өзү да алп, сөзү да алп акыны Турар Кожомбердиев көзү тирүү болсо 75ке чыкмак экен. Буга өкмөт тарабынан кандай көңүл бурулду?
— Өкмөт тарабынан эч кандай көңүл бурулган жок. Көңүл бурмак турсун, көңүлүбүздү оорутушту. Атамдын быйылкы 75 жылдык юбилейлүү датасын мамлекеттик деңгээлде өткөрүүгө жардам сурап КР Өкмөтүнө, Жогорку Кеңешке кат жазганбыз, а бирок алардан мындай деген «отписка» келди: «Сиздин кайрылууңузга жоопту Маданият жана туризм министрлиги берет». А Маданият министрлиги өз кезегинде мындай жооп жазыптыр: «75 жылдык дата юбилейлик болуп эсептелбейт. Турар Кожомбердиевдин 75 жылын юбилейдик иш-чарага кошууга болбойт». Эң кызыгы, юбилейлик иш-чарага кошуу үчүн КР Өкмөтүнүн аппаратынан чечим чыгыш керек дешиптир. Бири-бирине шылтап, бир нече жылдан бери алдап келгендерден биз абдан тажап бүттүк. Анткени, 5 жыл мурун дагы ушундай немелер бизди алдап жолго салышкан. Анда 2011-жыл эле. Ар бир революцияга СДПКны колдоп жалпыбыз менен жабыла катышып, Турар атамдын ырларынан плакат жасап алып жүргөнүбүздү анда 1 жылда унутуп коюшкан. Ошондо бизди баладай алдашып: «70 жылдык юбилейлик дата эмес, акындын 75 жылы болгондо анык юбилейи болот, ошондо белгилеп беребиз» дегенин эстесең абдан ыза болосуң.
— Турар аганы биз акын катары билсек, сен анын колунда тарбия алган атаң катары тааныдың. Жай турмушта мүнөзү, жүрүм-турум кандай эле? Кыздарына берген тарбиясы кандай болду?
— Атамдын мүнөзү жөнүндө айтсам, ал жанда жок жароокер, калыс, адамгерчиликтүү, намыстуу, Манас атадай айкөл жана акылман эле. Башкалардан өзгөчөлөнүп турган, нукура кыргыз инсаны болчу. Бир мүнөт убактысын бекер коротпой, жалаң жакшылык жасаганга жаны тынбай аракет кылчу. Бардык жумушка жоопкерчилик менен мамиле кылганы биз үчүн үлгү болду.
Улууну улуудай, кичүүнү кичүүдөй сыйлап, эч кимдин көңүлүн оорутпаганга аракет жасап жана бизге да ошондой талап койчу. Ошону менен бирге кошоматчылыкты, арамзалыкты, ачкөздүктү жана башка терс көрүнүштөрдү жек көрчү.
— Сен атаңды эстегенде эң алгач кандай мүнөздөрү, сөзү же бир окуясы эске келет?
— Мен аны эстегенде тыкан болуп иштеп отурганы көз алдыма келет. Бир да жолу каалашынча эс алып, уктап же өзү үчүн жандалбастаганын көрбөдүм. Абдан көп окучу, көптү билчү. Ал билбеген эч нерсе жоктой сезилчү мага. Эс-тутуму да абдан жакшы, логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүсү да күчтүү, ылдам эле. Достору менен дем алыш күндөрү шахмат ойногондо такыр утулчу эмес, а карта ойногондо кимде кандай карталар бардыгын жаттап калып, тез эле башкаларды утуп алып, жыргап күлүп кала турган. Кроссворддорду укмуш бат чечкенине баарыбыз таң калчубуз.
Туура эмес иш кылсаң катуу урушуп аягында: «Башың баш, багалчагың кара таш» деп басып кетчү же бирөөгө катуу таарынса көпкө сүйлөшпөй койгон адатынан коркор элек.
— Эмнелерди жакшы көрчү? Табигатты, тамак-аштан эмнени жактырчу, кантип көңүл аччу? Эл билбеген кайсы жоруктарын айтып бере аласың?
— Сары-Булакка барганды жакшы көрүп, шаардан айылга чейин такси жалдап барчубуз. Ата-энеме деп тамакты мүшөктөп сатып алат, айылга барып келген биз үчүн чоң майрам. Жолдо баратканда машинаны токтотуп коюп бизге каалаган нерсенин баарын сатып берчү. Деги жок деген сөздү жаман көрөр эле. Укан эжекеси аны көп урушчу: «Туке, сен качан экономдоп жашайсың, акчаңды ак чөлмөк кылып чачасың, өзүңдү ойло, машине ал. Жана башка материалдык байлык топтосоң» деп. Анда ал: «Мен ата-энемден эч нерсемди аябайм, акча табылат, атам менен апамды тирүүсүндө эркелетем, сиз да менден үйрөнүңүз» — деп жооп берчү. Туура тамактануу деген анда көп пропаганда болгон эмес. Биздин күнүмдү тамактарды эстесем өтө эле калориясы күчтүү экен. Беш бармак, боорсок, кыргыз нан, күлчөтай, боорсок, чучук, казы-карта, кымыз деген үйдөн үзүлчү эмес. Кыргыздын тамагын абдан жакшы көрүп, көк-сөк жегенди жактырбай турган. Жазында үйдүн өйдө жагындагы паркка барып эс алып, кээде Кызыл-Аскердеги Эркебү эжекемдикине барып, сыртта шашлык жасап жеп көңүл ачып келчүбүз. А жайында сөзсүз Ысык-Көлгө барганды жакшы көрчү.
Деги Турар атамды кудай чексиз сүйгөн окшойт, эч нерседен кем кылбаптыр: өң десең — өң, бой десең – бой, ой десең – ой, талант десең – чексиз талант бериптир. Карап туруп таң калчумун. Эч качан жок дебейт, бирок анда дайым акча үзүлбөйт. Эч качан келбе дебейт, үй толо конок, ошого жараша эмне каалаган ашың бар. Ал барда үйүбүз береке, ырыс менен кутка жык эле. Муздаткычта дайым бир тайдын эти турчу. Чучук, казы карта, беш бармак деген кудайдын куттуу күнү жасалчу. Кышында дагы кымыз алдырып ичээр эле, бир да жөө баспай, такси менен гана жүрчү. Иши кылып ал кудайдын сүйгөн инсаны болчу. Кудай аны абдан эркелетип жаткандай, жашоого эркелеп, кубанып жашап кетти.
— Жарыялана элек чыгармалары барбы? Бар болсо качан жарык көрөт?
— Көп нерселерди жазып жатам, балдарга сонун жомок жаздым, 2 пьесам бүттү, эми машинкеге түшүрүш керек деп жүргөн. Анысын коду бар дипломатка салып койгон. Ал дипломатын дагы эле ачкан жокпуз, анткени кодун чечмелей албадык.
— Жаш акындарга кандай мамиле жасачу?
— Жаш акындарга абдан жакшы мамиле жасап, эч качан жаман жаздың, сенден акын чыкпайт деген сөздөрдү айтып көңүлүн ооруткан эмес. Мырза деген иниси Университеттин филология факультетинде окуп жүргөндө аны менен болочок акындар ээрчип келип, бата алып кетишчү.
Ошондогу жаш акындардын бири Барчынбек Бугубаев жазгандай:
Ичинде миң сандаган майда бактын,
Ийилип улуу боюн кайда катсын…?
Жаңы эле жазып жүргөн тай күлүктөр,
Жанында чогулчубуз ал дарактын.
…Эгер сен ыр шаарына келбегенде,
Эки эсе кыйын турмак пенделерге.
Көбүнүн ыр дүйнөсү кедей болмок,
Көк чийген дарагыңды көрбөгөндө.
…Эгер сен ыр талаага акпаганда,
Турбасаң мисал болуп башкаларга.
Канча акын майда болуп кала бермек,
Кайрылып сени туурап жазбаганда… , — атам жаш ыр ышкыбоздоруна бийик өскөн, мөмөсү шактап ийилген дарак эле.
Турар Кожомбердиевдин ыр саптарынан
Мейли мен карап турсам, көздү
жумсам
Беш колдой элестесиң жатсам,
турсам.
Жетпедим канча бачым чуркасам да
Жетпедим канча бийик колду сунсам.
Сезбедиң сүйүү таңы аткандыгын,
Сезбедиң сүйүү сөөккө баткандыгын.
Ишенбейм күйөөң сенин сезээрине
Койнунда күн кучактап
жаткандыгын.
Күйөөңдү сыйлаарсын, да, аярсың да
Сен анын ар ишине даярсың да.
Ага сен жөпжөнөкөй бир кишисиң,
Ага сен жөпжөнөкөй аялсың да.
Баш ийдим тагдырлардын салганына,
Өкүндүм сага жетпей калганыма.
Кошулбайм бирок сүйүү жок дегенге,
Ишенбейм махабаттын жалганына.
КЫРГЫЗДАР
Кыргыздар ыр тараткан ырчы закым!
Кыргыздар ыр канатчан, ырга жакын.
Кыргызга коюндашып кучакташкан,
Кайкалап учуп чыгат болуп акын!
Тоосу тик булуттары эрке тайлак!
Буйташат шамалдардан
«акетайлап».
Кыргыздын көөкөрүнөн кымыз ичип,
Көкөлө акындыкка канат байлап!
Көлдөрү ыр жазышат, кетип тынчы,
Ала-Тоом ал ырларга ашкан сынчы.
Жүлүнгө чуркап өтсө кыргыз деми,
Жүрөгүң боло түшөт акын-ырчы!
* * *
Сенин сүйүүң,
Менин сүйүүм
Бир дайрага бириксе,
Бир бешикке бөлөнсө.
Сүйүүбүздөн ыйык бөбөк төрөлсө.
Ошол бөбөк сүйүүбүздүн мөмөсү,
Ошол бөбөк сүйүүбүздүн төрөсү!
* * *
Экөөбүздүн сүйүүбүз эчак өлгөн.
Экөөбүздүн сүйүүнү, өзүң көмгөн.
Солк эттим
Кезигишип капыс жерден,
Чымчыктай уясынан жылан көргөн.
Арфадай дирилдеди бүткүл денем.
Деңизге ыргытылган таш сыяктуу
Селейип кала берди сенин колуң
Ийилип, мага сунган,
мага берген.
ТАРАЗА
— Тереңдиктин
Канчалык бар кереги?
— Тайыздыкты
Такташ үчүн береги!
— Бийиктиктин
Канчалык бар кереги?
— Жапыздыкты
Билиш үчүн береги!
Маектешкен: Назгүл Осмонова