Домой Коом Нурболот Үсөнбаев: Таласта коронавирустун катталбашынын 2 себеби бар

Нурболот Үсөнбаев: Таласта коронавирустун катталбашынын 2 себеби бар

116

Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Жыйында модератор Таласта бир да учур катталбаганынын себебин сураган.

“Ал жакта чет жактан келгендер, оору жугузгандар менен байланышкан адамдар дагы болгон. Бирок көп учурда облустун тургундары Бишкектен обсервацияга алынып, эгер коронавирус аныкталса, бул жакта кармап калууга жетиштик деп айтсак болот. Экинчиден, алар талаптарды так аткарганга аракет кылып катуу көзөмөл жүргүзүштү. Облустук штаб жакшы иш алып барууда десек болот. Ошонун натыйжасында бүгүн Таласта абал ушундай”, — деди Үсөнбаев.