Домой Коом Нурболот Үсөнбаев: Оор абалга түшүп калгандарды анализдегенде өз алдынча дарылануу фактылары кездешти

Нурболот Үсөнбаев: Оор абалга түшүп калгандарды анализдегенде өз алдынча дарылануу фактылары кездешти

24

Коронавирус илдетинен өз алдынча дарылануу фактылары катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирустан каза болгондорду жана айрым оор абалдагыларды анализдеп, оорулардын таржымалын карап чыкканда, өз алдынча дарылануу фактылары кездешти.

“Бул оорунун күчөшүн, жаман жакка бурулушун шарттайт, алардын көбү жандандыруу бөлүмүнө түшүп калууда. Арасында ар кандай чөптөрдү кайнатып ичкендер бар, өз алдынча дарыланууга болбойт. Оорунун белгилери аныкталары менен бизге кайрылып, дарыгерлерди чакырыңыздар”, – деди Үсөнбаев.