Домой Коом Нурболот Үсөнбаев: Кыргызстан коронавирустун жайылышынын туу чокусуна жетип калды

Нурболот Үсөнбаев: Кыргызстан коронавирустун жайылышынын туу чокусуна жетип калды

113

«Бүгүн 48 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Кайра 19 кишиден коронавирус табылды. Сакайып чыккандар менен ооруну жугузгандардын ортосундагы айырмачылыктан улам адис катары коронавирустун бийик чегине жетип калдык деп ойлойм», — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандар 23-апрелге карата 631 адамга жетти. 302 киши оорудан сакайды. Илдеттен сегиз адам көз жумду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп божомолдоп жаткан.