Домой Саясат Нурбек Осмонов: “Ихлас” курулуш компаниясынын ээси: “Мекеним Кыргызстан” партиясын мен эмес, менин...

Нурбек Осмонов: “Ихлас” курулуш компаниясынын ээси: “Мекеним Кыргызстан” партиясын мен эмес, менин иним Айбек Осмонов негиздеген”

942
“Мекеним Кыргызстан” партиясын мен эмес, менин иним Айбек Осмонов негиздеген. Мен анын кандай максатта бул иштерди жасап жатканына жооп бере албайм. Өзүмдүн саясатка аралашуу ниетим жок, мага өндүрүш тармагы жакыныраак жана ал тармакты жакшы билем. Саясый интригаларды уюштуруп, чабышканды билбейм”, – деп билдирди бүгүн, 15-июнда чуулгандуу “Ихлас” компаниясынын ээси Нурбек Осмонов “Кактус” басылмасына берген интервьюсунда.

“Чынын айтсам, мен мага таптакыр бейтааныш чөйрөгө аралашкым келбейт. Моюнга алыш керек, буга чейин мага андай сунуштар бир нече жолу түшкөн. Бирок мен сылык гана баш тартып, кутулгам”, – деген Нурбек Осмонов.

“Мени бир кезде Жантөрө Сатыбалдиевге, кийин Икрамжан Илмияновго жабышытырып келишти. Эми Раим Матраимго байлап жатышат, мен Матраимов менен тааныш экенимди танбайм, бирок ал менен мен Өмүрбек Бабанов, Аскар Салымбеков жана Темир Сариев менен  кандай тааныш болсом, ошол деңгээлде гана таанышмын”, – деп жыйынтыктаган Нурбек Осмонов.

Булак: Kyrgyztoday.kg