Домой Дүйнөдө Нью-Йорктун тарыхында биринчи жолу мэрликке мусулман адам шайланды

Нью-Йорктун тарыхында биринчи жолу мэрликке мусулман адам шайланды

4

Нью-Йорктогу шайлоонун жыйынтыгынан кийин Зогран Мамдани өзүнүн жеңишин жарыялап, 2026-жылдын 1-январынан тарта мэрлик кызматка расмий киришерин билдирди. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости таратты. Тарапташтарынын алдында сүйлөгөн Мамдани: «Мен Нью-Йорк шаарынын мэри катары 1-январда ант берем», — деп белгиледи.

Учурда шаарды башкарып турган Эрик Адамс 2022-жылдын январында ант берген. Анын ыйгарым укуктары 31-декабрда толуктап, шаар жетекчилиги расмий түрдө жаңы колго өтөт. Саясий практика боюнча, шайлоодон кийинки алгачкы күндөрү жаңы мэр убактылуу командасын түзө баштайт. Мамданинин да дал ушундай кадамга барышы күтүлүүдө.

Эки айга жетпеген убакыттан кийин 120 миллиард долларлык бюджети жана 8,5 миллион калкы бар мегаполис мусулман мэрдин башкаруусуна өтөт. АКШдагы маалымат каражаттары мурдагы президент Барак Обама Мамданиге телефон чалып, жеке колдоо көрсөткөнүн билдиришти. Либералдык медиа өкүлдөрү аны Демократиялык партиянын потенциалдуу келечек лидери катары мүнөздөшүүдө. Бирок канчалык ийгиликтерге жетпесин, Мамдани АКШ президенти боло албайт — себеби ал Угандада төрөлгөн.

Мамдани өзүн демократ-социалист катары таанытып келет. Ал арзан азык-түлүк дүкөндөрүн ачуу, турак жайдын белгилүү бир бөлүгүнө ижара акысын тоңдуруу жана автобустардагы жол кирени алып салуу сыяктуу социалдык демилгелерди колдойт.

Шаардык шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бул жолу добуш берүүгө келгендердин саны 1969-жылдан бери биринчи ирет 2 миллион кишиден ашты.