Домой Саясат Ноябрдын аягына чейин 2 млрд төкмөкчү болгон Раиммилион 1,2 миллиард сом...

Ноябрдын аягына чейин 2 млрд төкмөкчү болгон Раиммилион 1,2 миллиард сом эле кусту

133

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-декабрга карата мамлекетке жалпысынан 1 миллиард 223 миллион 512 миң сом төктү. Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Каржы министрлигинин атайын эсебине башка адамдардан да түшкөн акчаны кошкондо жалпысынан 1 миллиард 345 миллион сомдун тегерегинде топтолду. УКМК  Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.