Домой Коом Нооруз — балалыктын майрамы

Нооруз — балалыктын майрамы

483

Адам жашоосунда унутулбай калган учурлар болот. Ошонун көбү бала чакта өтөрүн ким танат? Ал кезде тегерегиңде болуп жаткан окуяларды бар көңүлүң менен кабыл аласың. Анан да баёо жана акпейил болосуң. Себеби, ал убакта сени айланаңдагылардын баары колдоп, коргоп, сүйүп турат. Кайсы бир ойду айтам деп кай бирөөлөргө жаман көрүнмөй, кайсы бир ийгилигиң үчүн сага ичи тарып, сенин сары изиңе чөп салмай да жок. Айтор, «жыргализм». Ата-энеңдин, бир туугандарыңдын курчоосунда бейкапар өмүр сүрүп турган кез экен. Ошондуктан, ал кездеги окуяларды эстегенде, денең жибип, башка дүйнөгө түшкөндөй жыргап алмайың да бар.

Нооруз

Нооруз майрамы келген сайын менде ошондой сезим пайда болот. Мени кыялым жетелеп, капкачан жоготуп алган жашоомо алып барып коёт. Ал учур совет бийлигинин учуру болгондуктан, өлкөбүздүн баардык жеринде эле жаңы жылды тосуу декабрдын 31инде болуп, «Нооруз» деген түшүнүк мен курдуу курбуларым эле эмес, бир топ жашка барып калган адамдарда да болбос эле. Анан эл кыштын күнү майрамдаган жаңы жылды атам көп жактырбай, «Ушул суукта кайсы киши жаңы жыл тосот? Жаңы жыл деген жер жарылып чөп чыкканда, желин айрылып, сүт чыкканда, күн менен түн теңелген кезде болот. Кыргыз балатыны айланып чокунган эмес» деп калаар эле. Коом дегениң балага тарбия берүүчү укмуш күч да. Атабыздын сөзүн уккан менен, кулак сыртынан кетирип, балаты койбосок да жалтырак-жултурак менен үйдү кооздоп, дасторкон жасап майрамдай берчүбүз.

Анан жаз келгенде, атамдын жаңы жылы келээр эле. Бул убакта согумга союлган малдын эти да даамына келип, Нарында али кыш болсо да, аппак карга оронгон жер темгил ала болуп, сууктун тумшугу сынып, күчү кайтып калат. Бул күнү атамдын кабагы ачылып, «Мына эми жаңы жыл келди» деп бетинен нур төгүлүп көңүлү көтөрүлчү.  Апам болсо кызыл чабуулга түшүп, катып койгон таттуу-тарапасын алып чыгарып, бал, каймагын дасторкон үстүнө жая салып, боорсок төгүлүп, таттуу нан коюлуп, биздин үйгө чыныгы майрам келчү.

Ушул күнү айлана-тегерегибиз тазаланып, короо-жайлар шыпырылып, апам сөзсүз көжө кайнатып, көргөн даамдарга көз тоёт десең. Сүрсүгөн эттин шорпосуна түрдүү дандан салып, бир сонун тамак жасап, аны казандан чыгарганда, коюу эзилген сүзмөдөн бир кашыктан салып берчү. Азыр да турат таңдайда.

Бул күндөрү түнгө чейин  атамдын сонун баяндарын укчубуз. Адам баласы кандай болгондо бактылуулукка жетерин, бул жашоодо кайрымдуулук, боорукерлик биринчи орунда туруп, ичи тардык жана ачкөздүк көп балээге алып келерин пайгамбарлардын хадистери менен айтып берчү. Ал жаңы жыл майрамында канчалаган балаты кыйылып, бир күндүк майрам үчүн кырылып жатканын, ал өсүмдүктү да жаныбардай аёо керектигин айтар эле. Атам: «Адам ар бир сөзү үчүн, ар бир иши үчүн Жараткан алдында жооп берет. Ал эле эмес, ар бир жандык үчүн, үйдөгү ит менен мышык үчүн да Кудай алдында сурак бар. Андыктан, жаңы жылда жакшы тилектерди тилеп, таарынычты унутуп, адам өзү жаңырышы керек» деп айтканы эсимде. Айтор, биздин үйдө атамдын жаңы жылы өзгөчө майрамдалчу. Анан эгемендик алгандан кийин атамдын жаңы жылын эл да майрамдай баштады.

Жашоо дегениң кызык экен. Атам 2003-жылы 29-декабрда каза болуп, 31-декабрда жерге берилди. Ал жактырбаган майрам – биз майрамдаган жаңы жыл атамды жерге берген күн катары эсимде калды. Ал эми, Нооруз майрамы анын кубанычын, балалыктын бактылуу күндөрүн эске салат.

Бар бол, Нооруз, атакемдин майрамы!

Жумагүл Барктабасова